Спорт
Көк бөрү боюнча президенттин Кубогуна таймаш старт алды
Элита плюс
Ноябрь 03, 2020 г.
Көк бөрү боюнча президенттин Кубогуна таймаш старт алды
© Элита плюс

Бүгүн, 3-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогу старт алды.

Саат 13:00го белгиленген биринчи лиганын "С" тайпасындагы оюнда Таластын "Ай Тамга" командасы Ысык-Көлдүн "Мурас" командасына 2:5 эсебинде утулду.

Учурда "Д" тайпасындагы - "Жумгал" - "Суусамыр" командаларынын ортосундагы беттеш өтүүдө.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүп жатат.