Маданият
Китеп - көөнөрбөс, өчпөс, түбөлүктүү байлык
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Китеп - көөнөрбөс, өчпөс, түбөлүктүү байлык
© Элита плюс
Китеп - көөнөрбөс, өчпөс, түбөлүктүү байлык
© Элита плюс
Китеп - көөнөрбөс, өчпөс, түбөлүктүү байлык
© Элита плюс
Китеп - көөнөрбөс, өчпөс, түбөлүктүү байлык
© Элита плюс

“Китеп - билим булагы, билим - өмүр чырагы” демекчи, китеп окуу адамдын аң-сезимин өстүрүп, жан дүйнөсүн тазартып, сөз байлыгын кеңейтет. Китеп окуу менен ар бир инсан өз улутунун тарыхын, маданиятын, каада-салтын аныктап, аны ыйык сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүүгө милдеттүү. 22-майда кыргыз тарыхында кубанарлык, тарыхта калчу кыргыз элинин байыркы замандан баштап бүгүнкү күнгө чейинки басып өткөн жолу, тарыхы, салт-санаасы, санжырасы камтылган “Кыргыздар” аттуу тарыхый китептин 20 томдугу жарык көрүп, китептин бет ачар аземи “Супара” этно-комплексинде өттү. Эске салсак, 2010-жылы “Кыргыздар” китебинин 10 томдугу жарыяланган. Бул жолу ал толукталып 20 томдук болуп басылып чыкты. Китеп - көөнөрбөс, өчпөс, түбөлүктүү байлык. Мына ушул кыргыздын байлыгын түзүп, жарыкка чыгарууга жан үрөгөн кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго, саясат таануу илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевге алкыш. Бет ачар аземге кыргыз элитасынын жоон топ өкүлдөрү келип катышып, китептин алгачкы негиздөөчүсү Кеңеш Жусуповго КРнын президентинин атайын сааты ыйгарылды. Бул сыймыктуу сыйлыкты Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев тапшырып, китептин түзүүчүлөрүнө ыраазычылыгын билдирди. Ал эми ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиевге “Тилекмат аке” төш белгиси аталган фонддун жетекчилиги тарабынан тагылды. Бул сыйлык ЖКнын депутаттарына мурда ыйгарылбагандыктан Каныбек Капашович эл өкүлдөрүнөн биринчи болуп “Тилекмат аке” төш белгисин тагынды. Иш-чаранын соңунда алтын куржунга салынган 20 томдук “Кыргыздар” китеби КРнын президенти Сооронбай Жээнбековго жана бир топ аттуу-баштуу инсандарга белекке берилди. Иш-чараны Кыргыз Эл баатыры Миталип Мамытов ак батасы менен жыйынтыктап, кыргыздардын ыйыктыгын даңктаган, эли үчүн ташка тамга баскандай из калтырган китептин түзүүчүлөрүнүн бири Каныбек мырзаны да кепке тартып үлгүрдүк. Каныбек ИМАНАЛИЕВ, ЖКнын депутаты: “Китептин тексттерин “Википедияга” киргизсек деген чоң максаттарыбыз бар”

  • Бул китеп Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чыгып атат. Мунун автору биз эмес, эл. Башкача айтканда, кыргыздын улуу тарыхчылары, санжырачылары, азыркы тарыхчылар болуп кыргыздын тарыхына байланыштуу 300дөй авторлордун эмгеги камтылды. Бул китептин башында турган Кеңеш Жусупов агай 1991-1993-жылдары “Кыргыздар” деп төрт томдугун чыгарган. Бешинчи томдугун чогуу чыгарганбыз. Кийин 10 том, андан кийин 14 том болгон. Мына эми 20 томдук жарык көрүп олтурат. Буга дээрлик 2 миллионго жакын сөз кирди. Биринчи тарыхчылар А. А. Бартов, В. В. Бартольд, Н. А. Аристовдордун СССР доорундагы санжыраларынын бардык варианттарынан баштап эгемендүүлүк алгандан кийинки Ю. С. Худяков, Д. В. Бутанаев, Б. Жамгырчинов, К. Усенбаев сыяктуу тарыхчылардын эмгектери, жалпысынан кыргыз тарыхына эмне керек болсо, анын баары бул 20 томдукка кирди. Аталган томдуктан кыргыздардын каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым, адеп-ахлактарын табууга болот. Ошондой эле кыргыздын маданиятына өзгөчө эмгек сиңирген мыкты инсандардын өмүр баяндары да кошулду. Дегеле бул китеп ар бир кыргыздын үйүндөгү китеп текчесинде турса, бул өтө пайдалуу деген ойдомун. Келечекте китептин электрондук версиясын чыгарып чет жактардагы мигрант болуп жүргөн кыргыз мекендештерибизге да белекке берсек, аны менен катар китептин бардык текстин “Википедияга” киргизсек деген чоң-чоң максаттарыбыз бар. Бул китепти чыгарууда бизге Чыгыш искусствосунун басма борбору жардамга келди. Андыктан аталган борборго ыраазычылык билдиребиз.
    Дагы бир сыймыктануу менен эске сала кетчү жагдай, 2019-жылдын 17-майында Улуу Британиядагы Кембридж университетинде Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин англис тилинде басылган «Каганат» аттуу китебинин бет ачары болгон. Ал иш-чарага Жогорку Кенештин депутаты Садык Шер-Нияз да катышып англис тилинде сүйлөп көпчүлүктү таң калтырган. Китеп Евразиялык чыгармачыл гильдиянын колдоосу менен жарык көргөн. Иш-чаранын жүрүшүндө Евразиялык чыгармачыл гильдиянын төрагасы Марат Ахмеджанов, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси Гүлнара Искакова жана Кембридж университетинин Орто Азия форумунун мүдүрү, доктор Сидхарт Саксена бул китеп тууралуу жакшы ойлорун билдирип, иш-чарага Кембридж университетинде эмгектенген Индия, Пакистан, Кытай, Япония, Казакстан, Кыргызстан, Улуу Британия жана Европанын бир катар өлкөлөрүнүн окумуштуулары, аспиранттар жана студенттер катышып кызыктуу өткөн. Андыктан китеп менен азыктанып, кыргыз тарыхын камтыган, кыргыз жыттанган китептерди жайылтууга зор салым кошкон инсандарга мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз.