Коом
Китеп басууга 300 сунуш түштү
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
Китеп басууга 300 сунуш түштү
© Элита плюс

Кыргыз тилиндеги китептерди басып чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлининин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик кыргыз тилиндеги китептерди басып чыгаруу боюнча сунуштарды кабыл алуусун токтотту. Учурда министрликке жалпы 300дөн ашуун китептердин тизмеси социалдык тармактардагы аянтчалардан жана кат жүзүндө келип түштү.
"Кайрылуучулар маданият өкүлдөрү, акын, жазуучулар, социалдык тармактын колдонуучулары, жеке жарандар, коомдук фонддор, китепканачылар тарабынан сунушталып, окуучулардын предметтик китептерин, дүйнөлүк классикаларды, кыргыз тилине которулуп, бирок чыкпай калган чыгармаларды, эпос, романдарды, аңгеме жана ыр китептерин басып чыгарууну сунушташкан", - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан. Эске салсак, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буга чейин коомчулукка ачык билдирүү жасап, эл күтүп, издеп жана жарандардын табитин эске алуу менен кыргыз тилиндеги китептерди басып чыгаруу алдында тургандыгын билдирип, социалдык тармак аркылуу сунуш берүү тууралуу кайрылган. Министрликтен кошумчалашкандай, жакынкы аралыкта кандай китептер басылып чыга тургандыгы тууралуу маалымат берилет.