Медицина
Кишимжан КЕҢЕШБАЕВА, гинеколог:“ВИЧ/СПИД оорусун алдын алуу ар бир жарандын жеке милдети”
Элита плюс
Декабрь 01, 2021 г.
Кишимжан КЕҢЕШБАЕВА, гинеколог:“ВИЧ/СПИД оорусун алдын алуу ар бир жарандын жеке милдети”
© Элита плюс
Кишимжан КЕҢЕШБАЕВА, гинеколог:“ВИЧ/СПИД оорусун алдын алуу ар бир жарандын жеке милдети”
© Элита плюс
Кишимжан КЕҢЕШБАЕВА, гинеколог:“ВИЧ/СПИД оорусун алдын алуу ар бир жарандын жеке милдети”
© Элита плюс
Кишимжан КЕҢЕШБАЕВА, гинеколог:“ВИЧ/СПИД оорусун алдын алуу ар бир жарандын жеке милдети”
© Элита плюс

Айыкпас оорулардын бири бул ВИЧ/СПИД оорусу. Бул дарт көп жылдардан бери жер планетасынын чоң көйгөйү катары кабыл алынып, азыркыга чейин дартты айыктыруучу дары табылбай келет. Ошондуктан, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1988-жылдан тарта 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү деп белгиленип келет. Дал ушул оору тууралу кененирээк маалыматты Бишкек шаардык 4-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинеколог, дарыгери Кишимжан Кеңешбаева төмөндөгүлөрдү айтып берди.

ВИЧ деген эмне?
-ВИЧ - орус тилинде "вирус имуннодефицита человека" деп чечмеленет. Ал эми кыргызчасы "адамдын имуннодефицит вирусу" (АИВ). Бул вирус адамдын иммунитетин зыянга учуратып, СПИД оорусун пайда кылат. Натыйжада адам иммунитети түрдүү ооруларга туруштук бере албай, каза болот.

СПИД деген эмне?
- СПИД-бул орусча “синдром приобретенного иммуно дефицита", кыргызча которулушу "кабылданган иммун жетишсиздик синдрому" (КИЖС). Иммунитет-бул ар кандай зыяндуу бактерия жана вирустардан коргоочу адам
организминин системасы. ВИЧ иммунитетти басаңдатып, организм түрдүү ооруларга чалдыгып, адам ооруйт. Натыйжада иммунитет өтө төмөндөп СПИД оорусу пайда болот.

ВИЧ/СПИД кандай жолдор менен жугат?
- ВИЧти жуктуруп алуу жөнүндө көптөгөн маалыматтар айтылып келет, бирок аталган оору 3 жол аркылуу гана жугушу мүмкүн:
-жыныстык жол аркылуу, -колдонулган ийне,
-СПИД менен ооруган энеден балага.
Негизи, ВИЧ суюктуктар аркылуу берилет, көбүн эсе жыныстык катнаш жана кан аркылуу, колдонулган баңги ийнелеринен, кош бойлуу
баладан энеге, бирок түрдүү учурлар дагы болушу толук ыктымал, алар:
-таза эмес медициналык куралдардан,
- кан куюууда,
- пирсинг жана татуировка жасоодо кокустук болуп кетсе,
- бирөөнүн сакал алгычын
колдонууда. кан аркылуу (таза эмес аспаптарды колдонууда, инфекцияны алып
жүргөн канды жана анын препараттарын куюуда, донордук органдарды жамоодо же бир жерден бир жерге көчүрүүдө);

ВИЧ кандай учурда жукпайт?

- Турмуш тиричилигиндеги катнаштарда, мамилелерде,
• өбүшкөндө,
• жөтөлгөндө,
• чүчкүргөндө,
• кол алышууда,
• дараткананы пайдаланууда,
• мончого түшкөндө,
• бассейнге түшүүдө,
• коомдук транспортто,
• төшөнчү, шейшептер аркылуу,
• идиш-аякты колдонгондо,
• китептер жана канцелярдык буюмдар аркылуу,
• курт-кумурскалар чакканда,
• үй айбанаттарынан ж.б. аркылуу.

Оорунун алгачкы белгилери:
- ВИЧ-инфекциянын белгилери өтө эле ар түрдүү, бирок оорунун өнүгүүсүндө белгилүү мезгилдүүлүк байкалат. Адам адегенде вирусту жугузуп алганын сезбейт, азыркы замандагы лабораториялык изилдөөлөр да вирусту жугузуу фактысын аныктай албайт. “Терезе мезгили” өткөндөн кийин 2-3 жумадан 1 жылга чейин (ВИЧти жугузуп алгандардын 96 % антителолор 3 айга чейин пайда болот) гриппти же сасык тумоону элестеткен абал өнүгөт, башкача айтканда, дененин температура көтөрүлүп, лимфа түйүндөр чоңоёт, баш ооруу, алсырагандык, кыңкыстап ооруп жүрүү, денеде жаралардын пайда болушу мүмкүн. Бул белгилер тез эле өтүп кетет жана адам өзүн толук оорубагандай сезип калат. ВИЧ менен жашаган көп адамдар ооруну жугузуп алган так убактысын жана мүмкүн болгон учурларды аныктай алышпайт.
Өзүн толук жакшы сезгендигине карабастан, оору билинбестен жана кыйшаюсуз күчөйт, вирус көбөйүп, бардык ички органдарды, мээни, ичегини, өпкөнү ж.б. бузулууга учуратат. Бул мезгилде кайрадан лимфа түйүндөр чоңоюуп, оорулуу арыктайт, иммундук системанын нормалдуу абалында сейрек кездешүүчү инфекциялык оорулар кошулат, коркунучтуу шишиктер өнүгөт. Оору адамдын өзүн жакшы сезүү мезгилдери менен алмашып, бирок анын андан кийинки күчөшү мурункуга караганда оорураак өтөт, абал акырындык менен начарлап, анык СПИД башталат. Бейтап тамакка табитинин жакшы экендигине карабастан, салмагын жоготот, таптакыр арыктоо башталат, басылбаган ич өтүү, бардык органдарды жана системаларды бузган ар кандай оорулар кошулат, кээ бир учурларда СПИД-деменция – кем акылдык өнүгөт.

ВИЧ/СПИД оорусун дарылоого болобу?
-Бүгүнкү күндө ВИЧ инфекция менен күрөшүүгө болот, аны антиретровирустук
терапия менен дарылайт. Анын ичинде ВИЧ болгон кош бойлуу айымдардын балдарын дагы дарылоо болот. Анти ретровирустук терапия ар бир өлкөнүн анын ичинде Кыргызстанда да өз жарандары үчүн акысыз жүргүзүлөт.

ВИЧ/СПИДден кантип алдына алуу керек?
- Албетте, ВИЧ/СПИД оорусун алдын алуу ар бир жарандын жеке милдети катары кабыл алуусу шарт. Эгер адам баш аламан, көптөгөн шериктеш менен жынысттык катнашта болсо сөсүз презарватив колдонуусу зарыл. Андан сырткары баңги заттан алыс болуу, өздүк гигиенаны сактоо жана кан алуу, кан куюуда медициналык шаймандардын колдонулбаганына жана тазалыгына көңүл буруу. Ар жыл сайын ВИЧ,СПИДке акысыз анализ тапшырып текшерилип туруу зарыл.
Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА