Кемин районундагы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин 2020-2021-окуу жылында райондук олимпиададан алдынкы орундарга ээ болгон окуучулар Ардак Грамота менен сыйланышты. Бул тууралуу аталган мектептин директору Айжан Ногойбаева билдирди.
Анын айтымында, райондук олипиадада орус тил сабагы боюнча 1- орунду ээлеген 10- класстын окуучусу Мээрим Абдыбековага ,география сабагынан 2- орунду алган 10- класстын окуучусу Ислам Советбековго, химия сабагы боюнча 1- орунду багындырган 9- класстын окуучусу Алия Айтымбетовага, биология сабагы боюнча 3- орун 9- класстын окуучусу Айтурган Алтымышовага, биология сабагы боюнча 3- орунга ээ болгон 11- класстын окуучусу Назира Таалайбековага Ардак Грамоталар тапшырылган.
«Райондук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө Кемин районунун Ардак грамоталары тапшырылды. Алдыдагы жылдарда дагы бул окуучулар жогорку ийгиликтерди багындырарына ишенебиз!», - деди Айжан Ногойбаева.