Коом
Кичи-Кеминде ийгилик жараткан мугалимдер сыйланышты
Элита плюс
Июнь 10, 2021 г.
Кичи-Кеминде ийгилик жараткан мугалимдер сыйланышты
© Элита плюс
Кичи-Кеминде ийгилик жараткан мугалимдер сыйланышты
© Элита плюс
Кичи-Кеминде ийгилик жараткан мугалимдер сыйланышты
© Элита плюс
Кичи-Кеминде ийгилик жараткан мугалимдер сыйланышты
© Элита плюс
Кичи-Кеминде ийгилик жараткан мугалимдер сыйланышты
© Элита плюс

«Окуу – билим азыгы, билим-ырыс азыгы» дегендей, «А» тамгасын таанытып, окуучуларга билим, таалим-тарбия берип, эрезеге жеткирген – бул мектеп. Ал эми ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле кылып, баланын жөндөмүнө, шыгына жараша билим берип, турмуш жолуна салган албетте, бул мугалим. 

Мугалим... кандай гана ардактуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан, кандай заман болбосун актуалдуулугун жоготпогон кесип. Анын педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баёо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан. 
Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилин илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат. 
Ар бир замандын өзүнө жараша мугалими болот. Бул сөз асыресе азыркы мезгил үчүн айрыкча мааниге ээ. Анткени бүгүн мектеп да түп тамырынан кайра түзүлүү тагдырына туш келип, заманбап окутуунун методикаларынан артта калбай, өз өнүгүүсүнүн кыйла кыйын кезегин баштан кечирип жаткан кези десек ашык болбос. 
Ошондуктан педагогдун азыркы учурда аткарчу милдети бир жагынан өтө ардактуу болсо, экинчи жагынан ошончолук жооптуу. Себеби билим берүү, таалим-тарбия жана агартуу тармагын өркүндөтүү ишинде мугалимге өзгөчө милдет тагылган. 

Мугалимдердин мындай түйшүктүү ишин эске алуу менен, 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгында, мектептин коомдук иштерине активдүү катышкан,чыгармачылык, изденүү менен иштеген, район, облус жана республикалык деңгээлдеги Олимпиадада даярдаган окуучулары байгелүү орунга ээ болгон Кемин районуну Кичи -Кемин айылынын Б.М. Юнусалиев атындагы бир катар мугалимдери Ардак грамота менен сыйланышты.

Себеби аты аталган мектептин педагогдору «Мугалим» деген бийик атка татыктуу болуу үчүн ар дайым өз билимин өркүндөтүшүп,окуучуларга талыкпай изденүү,чыгармачылык менен билим берип келишет. Андыктан жаңы окуу жылында сүйүктүү мугалимдер менен окуучуларыбыз дагы көп- ийгиликтерге жетишээрине ишенебиз.