Маданият
Бактыгүл МОМБЕКОВА, КТРКнын Жаштар студиясындагы “Мээрим” долбоорунун алып баруучусу: “Чоңдор менен иштешкенден көрө балдар менен иштешкен оңой”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Бактыгүл МОМБЕКОВА, КТРКнын Жаштар студиясындагы “Мээрим” долбоорунун алып баруучусу:  “Чоңдор менен иштешкенден көрө балдар менен иштешкен оңой”
© Элита плюс
Бактыгүл МОМБЕКОВА, КТРКнын Жаштар студиясындагы “Мээрим” долбоорунун алып баруучусу:  “Чоңдор менен иштешкенден көрө балдар менен иштешкен оңой”
© Элита плюс
Бактыгүл МОМБЕКОВА, КТРКнын Жаштар студиясындагы “Мээрим” долбоорунун алып баруучусу:  “Чоңдор менен иштешкенден көрө балдар менен иштешкен оңой”
© Элита плюс
Бактыгүл МОМБЕКОВА, КТРКнын Жаштар студиясындагы “Мээрим” долбоорунун алып баруучусу:  “Чоңдор менен иштешкенден көрө балдар менен иштешкен оңой”
© Элита плюс

-“Мээрим” долбоорунун негизделгенине беш жылга аяк басты. Биздин долбоор 2013-жылдын 3-майында алгачкы жолу балдарга жардам берүү иретиндеги социалдык долбоор болуп КТРКнын эфири аркылуу элге тартууланган. Ал берүүнү балдар айылынан баштап, биринчи эфирибизде балдар айылынын тарбиялануучусу Элдияр Касиет уулун Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен жолуктурганбыз. Бул долбоордун алгачкы идеясын чай ичип олтурган жерден режиссерубуз Бекбол Кылычбеков “багаар-көрөөрү жокторго жардам берип бир соопчулук ишин жасабайлыбы?” деп көтөргөн. Бирок, анын идеясынын төркүнү балдарды биротоло баласыздарга бала кылып берүү эле. Биз ал жагын укуктук жактан талдап көрсөк, балдардын укугу андайга жол бербейт экен. Кийин бул идеяны “Жаштар” редакциясынын жетекчиси Шайырбек Арапов, Дана деген менеджер кызыбыз менен бирдикте бир аз өзгөрткөнбүз. Белгилүү инсандар, колунда бар бизнес өкүлдөрү акчасын жөндөн-жөн эле ар нерсеге жумшабай, балдар үчүн жумшашса деген ниетте болдук. Белгилүү инсандардын балдар үчүн кылган жакшылыктары бүт Кыргызстанга эфир аркылуу чагылдырылса, балдарды кыялындагы адамдар менен жолуктурсак, алардын изи, камкордугу менен ата-эне мээримине зар болгон балдар тарбияланса, өссө деген ой биздин максатыбыз болгон.

-Долбоордун аты сиздин кызыңыздын атынан экенин билебиз?

-Ооба, ”Мээрим” деген атты өзүм койгом. Себеби, чыгармачыл топ чогулуп отуруп ысым издегенбиз. Баары дал келбеди. Ойлонуп, ата-энеси жок балдарга мээримден башка эч нерсе керек эмес го деген оюма режиссер Бекбол дагы макул болду. Башында кызымдын атын эске албаптырбыз. Үйгө барып кызыма сүйлөп олтуруп, көрсөтүүнүн аты дал келип калганын эстедим. Үй-бүлөмдү жакындан билгендер “көрсөтүү кызыңдын атынан коюлганбы?” деп калышат. Бирок, андай эмес.

-Алгач кайсы долбоор менен эл алдына чыккансыз?

  • Студент кезимде 1-курста октябрдан баштап эле “Осуят”, “Калемгер”, ”Студент кечтери”, “Коломто”, “Рух ордосу” ж б көрсөтүүлөрдөн чыгып, телевидение менен тынбай байланышта жүрдүм. ЖОЖду бүткөндө Ала-Тоо маалымат программасында штаттан сырткары кабарчылыктан баштадым. “Түгөйлөр”, “Мекен чегинде”, “Багыт”, “Капкан шоу”, “Унуталбайм”, “Жаштар үнү” көрсөтүүлөрүндө редактор болуп иштеп келдим. Негизинен “Мекен чегинде” программасынан өзүмдүн жүзүм, өзүмдүн үнүм менен 1-жолу эфирге чыккам.

  • Поэзия жан дүйнөнүн азыгы дешет. Ыр жаза калган учур болобу?

  • Эфирге чыгып, элге тааныла элек студент кезимде алгачкы жолу поэзия аркылуу теленин эшигин аттагам. 5-классымдан баштап ыр жаздым. Студент кезде “Топ жылдыз”, “Саамалык-2”, “Шоокум” аттуу үч ырлар жыйнагым чыккан. Ушул кезге чейин поэзия менен азыктанып келем.

-Поэзияны ишиңизде колдоносузбу?

-“Мээрим” теле көрсөтүүсүндө алгач энелер тууралуу ырларды айтып, энелерге таазим этүү сезимдерин ыр менен берем. Андыктан, ар бир жасаган чыгармачылык жумушумда поэзия дайыма жардамга келет. Ал кыйынчылыктан ыр менен чыгам. Өзгөчөлүгүм канча ырым болбосун баарын жатка билем. Ал ырларым менен тойлордун да көркүн чыгарып коем. Кусалыгымды да ыр менен чыгарам, жан дүйнөм ырдан бүткөн. Акындардын жакшы жазган ырлары менен ар убак таанышып, бош убактымды көбүнчө ыр окуп өткөрөм. Чыгармачылык кечелерге барып турам. Көбүнчө бүгүнкү турмуш чындыгын, саясатты сындаган курч ырларды окуу менин шыгыма шык берет.

-Баткендин өрүгүнүн арасында чоңойгон кыздын кыялы кандай эле?

-Балалыгым Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылында өттү. Биздин айыл чыныгы өрүкзар. Анткени, айылыбыздын тегереги өрүк бактар менен курчалган. Жайында өрүк терип, лагерде эс алуу менен бирге иштечүбүз. Беш бир туугандын улуусумун. Төрт иним бар. Кыздардан жалгыз, эркемин. Мен апама “Фрунзеге же Оренбургга (агам ошол жакта окучу) окууга барам. Ал жактан окууга өтүп, тамакты аз жеп, сулуу болуп, көп кийимдерди кийип, кечке эле эфирге чыга берем” дечү экем. Үй жыйнап жатканда күзгүнүн жанына туруп алып, шыпыргыны микрофон кылып өзүмдүн жазган ырларымды жатка айтып, “Урматтуу телекөрүүчүлөр”- деп өзүмдү-өзүм жылдыз кылып тааныштыра берчүмүн. Апам кирип келсе үй шыпырып калчумун. Шыпыргы микрофонум менен жумушту убагында бүтүрбөй, апамдан далай жолу тил уккам. Эфирге чыгам деп жүрүп турмушка да кеч чыккам. Жолдошум Кылычбек жеке иштери менен алек.

-Мен дүйнөнү апам менен тааныгам демекчи, алпештеп өстүргөн апакеңиз жөнүндө айтсаңыз?

-Ушул ыр саптарынын автору Ф.Абдалова алтын апакемди тааныйт. Анткени, мен БГУнун Түркология факультетинде 4-курста окуп жүргөндө 1998-жылы Республикалык жаш акын-жазуучулардын фестивалы Баткенде өткөн. Баткенден жалгыз мен экем. Бишкектен, Оштон, Султан Раев, Кубан Мамбеталиев баш болуп барган 80 дей кишинин баарын үйүбүзгө чакырып кой союп коноктогонбуз. Ошондо Ф.Абдалова теледе иштечү. Апам менен ошондо таанышкан. Менин билимдүү болуума апамдын, атамдын салымы чоң. Анткени, 1995-жылы аябай кыйынчылык болчу. Союз жаңы тараган убакта биз студент болдук. Мен Жаңы-Жер айылынын биринчи студенти болгом. Мектеп жаңы ачылып, бизден эки жыл мурунку бүткөн бүтүрүүчүлөр эч кандай жогорку, орто окуу жайларына окуган эмес. Жакшы окуганым, көктүгүм анан апам менен атамдын колдоосу астында мектеп директору Анипа Ысмаилованын апамды улам-улам түрткүлөөсүнөн жогорку окуу жайында окуп калдым. Биринчи студент болгондуктан менин сүрөтүм мектептин кире беришинде илинип турар эле. Азыр ойлосом классташтарымдын арасынан жалгыз суурулуп чыгып окуунун өзү дагы эрдик экен. Эч ким окуган жок, сен деле окубай кой дебестен, кыйынчылыкка чыдап, окуткан ата-энеме, чоң атама, бир туугандарыма ыраазымын. Жакында апама бир сюрприз даярдап жатам. Ал эмгегим апама болгон ыраазычылыгымдын бир белгиси болсо керек. Аны даяр болгондо билээрсиздер. Азырынча сыр боюнча турсун.

-Дагы кандай пландарыңыз бар?

-Пландарым ар кандай иштерде ийгиликтерди жаратып биринчи болуу. Чоң атам “кызым академик, профессор”- болот деп калчу. Чоң атамдын керээзин аткарып, арбагы ыраазы болсун деген максатта айылдан биринчи илимдин кандидаты болсом деген кыялымда, планымда бар. Жаңы-жыл алдында биздин программага чыккан балдардын баарын президентибиз Сооронбай Жээнбеков кабыл алса деген катты жазганбыз. Учурда, ал балдарды өлкө башчысы менен жолуктуруу планы менен иштеп жатабыз. Себеби, бул аракет алардын жакшы окуусуна дагы чоң стимул болобу дейбиз. Биз кыялын орундаткан 135 баланын 52 си жогорку, орто жана атайын мектептерде биз табыштырган кишилердин жардамы менен окуп жатышат. Андыктан, балдарга жакшылык кылууну өмүр бою уланта беребиз. Учурда, КТРК спорт каналынын баяндамачысымын. “Мээрим” программасы менен кошо спорттук атайын репортаждарды даярдап келем. Чоңоюп эр жетсең да дагы чонойгуң келет экен. Көп ой-максаттар жаралат дегендей. Андыктан, буйруса, кайрымдуулуктун алкагында иштерди дагы уланта берем. Эл өкүлү болуп элге журтка кызмат кылуу максатым бар. Ушул максаттарга жетүү үчүн эмгектенем.

-Балдар темасы аябагандай кыйын. Бул долбоорду жүзөгө ашырууда кыйынчылыктар көп болсо керек...

-Балдардын дүйнөсү такыр башка. Алар чоңдордой болуп алдабайт. Оюндагысын айтат. Кыялында ким болсо ошону бизге жазат. Чоңдор менен иштешкенден көрө балдар менен иштешкен оңой. Алардын кыялы да таза, дили да таза. “Мээрим” программасын тартып жүргөндө балдар айылына барган сайын ыйлап келчүбүз. Балдар ыйласа кошо ыйлап, күлсө кошо күлүп, жуурулушуп бир үй-бүлөдөй, бир туугандай болуп калдык. Азыр ал жакка барган сайын балдар ата-энелери келгендей кабыл алышат. Бетинен өөп ,чачынан сылап, ал-абалын сурап койсоң кудуңдап сүйүнүп калышат. Ар бир баланын маңдайынан сылаган сайын, бир чоң иш кылгандай, бетинен өпкөндө алардын кемтигин толуктагандай, ал эми, алар белек алганда ишимде ийгилик жараткандай болуп сүйүнөм. Кыялындагы жетпеген максаттарына жетүүгө биз себепчи болсок, алар чоңоюп, Кыргызстандын бир түркүгүн сүйөөр, устунун тургузаар. Анткени, атактуунун баары айылдан, чыгаандын баары кыйынчылык көргөндөн, турмуштун ызгаарына кабылгандардан чыгат. Алар бийиктиктерге умтулушат.

-Аялзаты алсыздыгы менен күчтүү дешет. Буга кошуласызбы?

-Адамзат турмушунда негизги күчтүн баары аялзатында. Аялзаты өзүнүн эркинин күчтүүлүгү, кенендиги менен тарыхта да чоң эрдиктерди жасап келишкен. Мисалы, Уркуя Салиева, Курманжан Датка, Жаңыл Мырза, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова булардын баарын талыкпаган эмгектин, майтарылбас эрдиктин символу катары караса болот. Алар эне катары баланы да багып, элге да кызмат кылып, коомдо дагы өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, керек учурда жанын аябай, канын төгүп, тарыхта өчпөс из калтырып кетишти. Аялзатынын күчтүүлүгү да, улуулугу да мына ушунда. Ар бири өзүнчө бир чоң күчкө, урмат-сыйга ээ инсандар. Улуулар жараткан жол менен изденип барсак, зор жетишкендиктерге жетип, артыбызда из калтырабыз.

-Эли-журтка каалооңуз

-Элибизде тынчтык болуп, чоңдорго ынсап, жаштарга ыйман, балдарга бактылуу балалык, мекенге бейпилдик, өлкөдө ынтымак ырашкердик орносун. Ар бир үйдө атанын камкордугуна, эненин мээримине канган наристенин күлкүсү жаңырсын. Анткени, ар бир бала ата-эне мээримине, бактылуу балалыкка татыктуу. Эмгекти баалап, көмүскөдөгү бир шоолага көңүл бурган сиздерге да рахмат.