Аймактар
Альберт ТАГАЕВ, КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, жарандык коргонуунун бөлүм башчысы, полковник: “Байланыш жок жерден тез чечим кабыл алып, ал оң т
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Альберт ТАГАЕВ, КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, жарандык коргонуунун бөлүм башчысы, полковник:  “Байланыш жок жерден тез чечим кабыл алып, ал оң т
© Элита плюс
Альберт ТАГАЕВ, КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, жарандык коргонуунун бөлүм башчысы, полковник:  “Байланыш жок жерден тез чечим кабыл алып, ал оң т
© Элита плюс
Альберт ТАГАЕВ, КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, жарандык коргонуунун бөлүм башчысы, полковник:  “Байланыш жок жерден тез чечим кабыл алып, ал оң т
© Элита плюс
Альберт ТАГАЕВ, КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, жарандык коргонуунун бөлүм башчысы, полковник:  “Байланыш жок жерден тез чечим кабыл алып, ал оң т
© Элита плюс
Альберт ТАГАЕВ, КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, жарандык коргонуунун бөлүм башчысы, полковник:  “Байланыш жок жерден тез чечим кабыл алып, ал оң т
© Элита плюс
Альберт ТАГАЕВ, КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, жарандык коргонуунун бөлүм башчысы, полковник:  “Байланыш жок жерден тез чечим кабыл алып, ал оң т
© Элита плюс

“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” демекчи, күтүлбөй келген табияттын ар кандай кырсыктарын алдын-алып, эл кызматында жүргөн, куткаруу иштерин чоң жоопкерчилик менен кабыл алган ардактуу кызматкер бизде конокто.

-Альберт мырза, сиздердин кызмат өтө татаал экени талашсыз? Андыктан, сиз эмгектенген башкармалыктын иши туурасында кеп салсаңыз? -Баткен облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы облус боюнча ар кандай өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аны жоюу, жарандык коргонуу багытында иш алып барат. Мисалы акимдерге, мэрлерге, айыл өкмөт башчыларына, мекеме уюмдардын жетекчилерине жана жергиликтүү тургундарга кырсыкты алдын алуу, анын кесепетин жоюу туурасында ар кандай иш-чараларды өткөрүп, эрежелерин үйрөтүп келебиз. Былтыр Жалал-Абад, Ош облустарында жер көчкү болду. Бул боюнча биздин Баткен облусубузда да бир топ маселелер көтөрүлүп, жергиликтүү тургундарга кооптуу аймактардагы жашоочуларды көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Андан сырткары биздин министрлик тарабынан ар кандай кырсыктардын зыянын азайтуу максатында практикалык иштер жүргүзүлөт. Мисалы бизде түштүк жана түндүк аймактарында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү борборлору бар. Ал жактагы техникаларды колдонуу менен жана материалдык баалуулуктарды бөлүп берүү боюнча (цемент, габион торчолор, ар кандай темир арматуралар ж.б.) табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн жылдык план түзөбүз. О.э. айыл өкмөттөрдөн иш мерчемдери тууралуу сунуштар келет. Анын негизинде атайын дамбаларды орнотуп, торчолор менен тосуу иштерин аткарабыз. Жергиликтүү тургундар менен биргеликте ашар түрүндө дамбаларды тургузабыз. Кооптуу жерде жашаган элге сел тосмолорду куруу үчүн цемент, арматураларды бөлүп берип, биргеликте ар кандай тосмолорду, көпүрөлөрдү курабыз. Бул жаан-чачындан пайда болгон суу ташкындарынан жана селдерден алдын ала сактанууга кылган аракет. Биздин облуста капиталдык курулуштар болуп турат. Ал үчүн алгач документтерди даярдап, биринчи кайсы жерлерден ишти баштоо керектигин аныктайбыз. Кийин КРнын ӨКМнин өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча департаменти бул ишти колго алат. Баса белгилей кетчү нерсе, алдын алуу иш-чараларын “Жарандык коргонуу” тууралуу мыйзамдын негизинде, бардык министрлик, ведомстволор, жергиликтүү бийлик органдары өзүнө тиешелүү объектилеринде иш алып баруусу зарыл. Ал эми ӨКМ орчундуу делген объектилерде иш алып барат. Кудай сактасын дейли, эгер кырсык болуп кетсе элге кантип алгачкы жардамды көрсөтүү керектигин жергиликтүү тургундарга үйрөтөбүз. Себеби, куткаруу тобу кырсык болгон жерге жеткиче убакыт кетет. Андыктан, биз жетип барганча жергиликтүү тургундар бир адамдын өмүрүн сактап калса да бул чоң жетишкендик. -Жакында эле сиздердин кызматка Өрт коопсуздугу боюнча башкармалык да кирди. Бул ого бетер сиздердин ишти көбөйткөндөй болсо керек... -Бул көптөн бери пландалып келаткан иш болчу. Анткени башка мамлекеттерде да мындай биригүүлөр болуп, азыркы күндө ал кызматтар бирдиктүү иш алып барышат. Өрт-куткаруу кызматтарын бириктирүү-бул өзгөчө кырдаалдарга кабыл болгон жарандарыбызга жардам берүү иш-чараларынын эффективдүүлүгүн күчөтүү болуп саналат. Өрт тилсиз жоо. Күтүлбөгөн кырсыктардын сап башында турат. Ошондой эле Баткенде куткаруу кызматы абдан аз болчу. Авто кырсык, сел, суу ташкыны болсо да тез жетип куткаруу биздин милдет. Мисалы өрт өчүрүүчү машиналар суусун толтуруп даяр турат. Бирок, чыккан өрт көлөмдүү болсо, ал суу бат эле түгөнөт, мындайда сөзсүз нааразычылыктар жаралышы мүмкүн. Андыктан, өрт катталган жерге жакын суунун запасы же кудуктар болсо жакшы. Болбосо азап. Ушундан улам учурда жаңы система, жаңы жабдыктар менен камсыздалып жатабыз. Министрибиз Кубатбек Айылчиевич куткаруу иши, өрткө каршы багытында ар түрдүү жардамын берип жатат. Биз да өкмөттү эле карап отура бербей “Ага хан” фонду аркылуу бир топ техника, жабдыктар менен камсыз болуп алдык. -Баткенде сел, суу ташкындары көп катталат. Себеби эмнеде? -Биздин шарт, климат ушуга туура келген. Жерибиз тоолуу, таштак, жамгыр жааганда суу топтолуп, сел жүрүп кетет. Эгер жерибиз түз жана тегиз болгондо мындай болмок эмес. Андан тышкары сейсмологиялык кооптуу жерден орун алганбыз. Бизде 9 баллга чейин жер титирөө коркунучу бар. Буга чейин болгон жер титирөөлөрдөн жапа чеккендерге бир топ жардамдар көрсөтүлүп, мекемелер калыбына келтирилген. -Кырсык катталган жерге канча мүнөттө жетип баруу керек, белгилүү бир убакыт барбы?

  • Баткен облусу боюнча 4 курам Кызыл-Кыяда, Айдаркенде, Сүлүктүдө жана Кадамжайда өзгөчө кырдаалга даяр турушат. Мисалы өрт чыкканы боюнча билдирүү түшсө 3 мүнөттүн ичинде чыгып кетишет. Ал эми куткаруучулар бардык шаймандары менен 10 мүнөттө ишке бет алышат.
  • Жарандык коргонуунун бөлүм башчысы катары принциптериңизге токтолсоңуз? -Жарандарга алгачкы жардам көрсөтүүнүн, табият кырсыгынан кантип сактануу керек экендиги тууралуу эрежелерди үйрөтүү. Андан тышкары бардык кызматтар менен кызматташып, багытына жараша жардам берүү. Кээде кырсык катталган жерде байланыш үзүлөт. Андай кырдаалда ойлонууга убакыт тар. Тез арада ыкчам, туура чечим кабыл алуу керек. Ал чечимиң жыйынтыгында оң таасирин бериши шарт. Ушундан улам замандын талабына жараша интернеттен ар кандай пайдалуу маалыматтар менен таанышып, билим деңгээлиңди өркүндөтүү шарт. Бүгүнкү күндө изденүүнүн үстүндө иштеп, ар кандай жабдыктар менен камсыздалып жатабыз. Мисалы кээ бир көчкү жүрө турган жерлер коркунучтуу, түшүп кетишиң мүмкүн. Андыктан, учурда дрондун жардамын колдонуп, изилдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле, социалдык тармактар, телефон аркылуу чукул кабарларды смс каттар менен жеткирип турууга аракеттенебиз. -Ишиңизге байланыштуу оор кырдаалдарды көп кездештирсеңиз керек. Эстен кетпей сакталып калганы бардыр... -2000-жылдан бери кызматтамын. Ал кезде жашмын, лейтенант кезим. 2000-жылы 29-августта Исфана шаарында сел жүрүп, көпүрөлөрдү алып кетти. Ошондо 1-жолу табияттын чоң кырсыгына, ири селге күбө болуп, чыгымдардын ордун толуктап, жардам көрсөткөнүбүз эсимден кетпейт. Кийин көнүп калдым. Себеби, биздин аймакта жыл сайын сел агымы катталып турат. 2016-жылы бир Жип авто унаасы селге кабылып, чоң сууга түшүп кеткен. Анын ичиндеги үч адам каза таап, бир кичинекей бала эле аман калган. Ушул окуя боюнча куткаруу иштери жүрүп жатканда жүрөгүм абдан ооруган. -Кээде жансыз денени алып чыгууга туура келген кырдаалдар кездешет? Андайда коркуу сезими болобу? -Албетте, коркосуң. Бирок, биздин милдет куткаруу болгондуктан коркунучту жоюуга үйрөнгөнбүз. Куткарууда коркуу сезиминен да аёо сезими күчтүүлүк кылат. Бир жолу Кадамжайдан суу ташкынынан жабыркаган жаш баланын денесин бир жума издеп таппай койдук. Ал жаш баланын чермейи суудан табылды. Баланын ата-энеси Россияда болгондуктан, ал чермей ошол жоголгон баланыкы экенин бала бакчадагы тарбиячы эжекеси аныктап берген. Ал эми баланын сөөгү табылбаган боюнча калды. Мына ушундай күтүүсүз болгон кырсыктын курмандыктарына күбө болгондо жүрөк сыздайт. -Кызматыңыз ары түйшүктүү, ары жооптуу болгондуктан жубайыңыз деле бул ишиңизге көнсө керек? Кичи мекениңиз болгон үй-бүлөңүз жөнүндө да айтып берсеңиз? -Албетте көндү. Күнбү, түнбү чакыруу түшсө, тез арада чыгып кетем. Ошону менен кырдаалга жараша иш аяктаганда барам. Кээде 3-4 күндөп үй бетин көрбөй каласың. Жубайым балдарга, үй-тиричилигине баш-көз болуп кала берет. Учурда облуска которулуп, ал жакта иштеп жаткандыктан үйгө дем алыш күндөрү гана келип турам. Алар айылда. Ушундан улам мындай режимге үй-бүлөм, жубайым, балдарым көнүп калышты. Төрт уул, бир кыздын ата-энесибиз. Улуу уулум эл аралык мамилелер боюнча адистикке ээ болгон. Кийинкиси энергетик. Үчүнчү уулум юрист. Төртүнчүсү келечекте кайсы кесиптин ээси болоорун азырынча аныктай элек. Ал эми кызым эң кичүүсү. Жубайым болсо мектепте башталгыч класстарга сабак берип эмгектенет. Жазгүл КАРБОСОВА