Коом
Кепилдик фонду ишкерлерге 20 млрд сом насыя алууга жардам берди
Элита плюс
Апрель 03, 2023 г.
Кепилдик фонду ишкерлерге 20 млрд сом насыя алууга жардам берди
© Элита плюс
Кепилдик фонду ишкерлерге 20 млрд сом насыя алууга жардам берди
© Элита плюс

Кыргызстандын Кепилдик фонду ишмердүүлүгүн баштагандан бери ата мекендик ишкерлерге 6,1 млрд сомдон ашык колдоо көрсөткөн. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул каражаттардын эсебинен ишкерлер жалпысынан дээрлик 20 млрд сомго 4718 насыя ала алышты.

"2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча фонд күрөөлүк камсыздоонун жетишпеген суммасын жабуу үчүн ишкердик субъекттерине 804 млн 766 миң сомдон ашык суммага 1288 кепилдик берген. Мунун эсебинен ишкерлер 1 млрд 964 млн 745 миң сом насыя ала алышты", - деп айтылат маалыматта.