Коом
Кеминдин мектептеринде «Акыркы коңгуроо» кандай өттү?
Элита плюс
Май 25, 2021 г.
Кеминдин мектептеринде «Акыркы коңгуроо» кандай өттү?
© Элита плюс

Быйылкы 2020-201 окуу жылы дүйнө жүзүн каптаган коронавирус илдетинен улам салтанаттуу иш-чаралар онлайн-форматта өткөрүлдү.
Мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин тарабынан кабыл алынган. Окуу жылы республикадагы жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда аяктады.

Чечимге ыйлайык, республикадагы райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери онлайн-режимде бүтүрүүчүлөр менен мектеп администрациясынын, класс жетекчилердин, мугалимдердин куттуктоолорун уюштурушкан.

Төмөндө Кемин районунун орто мектептеринде онлайн форматта даярдалган «Акыркы коңгуроо» аземине жана коомдук ишмерлер,  мугалимдердин куттуктоосуна  көңүлүңүздөрдү бурабыз.