Коом
Кеминде бүтүрүүчүлөр мектебине окуу китептерин белекке беришти
Элита плюс
Июнь 01, 2021 г.
Кеминде бүтүрүүчүлөр мектебине окуу китептерин белекке беришти
© Элита плюс

Чүй облусунун Кемин районунун Кичи - Кемин айылынын Б. М. Юнусалиев атындагы мектептин 2015-2016 жылкы бүтүрүүчүлөрү өзүлөрү билим алган мектебине окуу китептерин белекке беришти.

Бул тууралуу аталган мектептин директору Айжан Ногойбаева билдирди.

«Бүгүн биздин мектепти мындан 5 жыл мурда аяктаган бүтүүрүүчүлөрүбүз жагымдуу жаңылык менен келишиптир. Алар мектепке өз ыктыярлары менен 3- класстын "Мекен таануу" китебинин 50 даанасын балдарга белек катары тартуулашты. Андыктан, жердештербизге терең ыраазычылык билдиребиз», - деди мектеп мүдүрү.

 Өз кезегинде бүтурүүчулөр, өсүп келе жаткан жаш жеткинчектердин жаркын келечеги татыктуу тарбия, сапаттуу билим алуусунан көз каранды экендигин баса белгилеп, ага аз да болсо өзүлөрүнүн салымын кошкусу келгенин белгилешти.

«Китеп — билим булагы», - демекчи, китеп  - жаш бөбөктөрүбүз үчүн эн мыкты белек деп эсептейбиз. Балдар татыктуу билим алсын десек, аларга керектүү окуу китептерин камсыздап турушубуз керек. Андыктан жалпы классташтарыбыз кеңешип, сүйүктүү «Алтын уябызга» ушундай белек берүүнү туура көрдүк. Келечекте  айылыбызды мындан ары да өнүктүрүүгө колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз», - дешти бүтүрүүчүлөр.