"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Ийгилик сыры
Кеменгер-Эсенгул ИСАКОВ
Элита плюс
Декабрь 31, 2020 г.
Кеменгер-Эсенгул ИСАКОВ
© Элита плюс
Кеменгер-Эсенгул ИСАКОВ
© Элита плюс

Эсенгул ИСАКОВ

ЖКнын экс-депутаты

“Адам - акылы менен адам» деп бекеринен айтылган эмес. Анын сыңары, адам баласы өзүнүн адамдык сапаты, билим деңгээли жана жасаган иши менен элге белгилүү болот. Өзгөчө саясатта, эл көзүндө жүргөн адамдын жүзүн элдин тараза ташы аныктайт. “Адал эмгек - астыңа ат, үстүңө тон” деген сөз да ушундан улам пайда болгон. Жогорудагыдай элдин түз көз карашына арзыган, айыл чарба тармагынын мыкты адиси, убагында Жогорку Кеңештин татыктуу депутаты болгон Исаков Эсенгул Байдалиевич учурдагы кеменгер инсан. Ал туурасында коомдо эч кандай терс пикирлер жокко эсе. Ар убак мамлекеттин, улуттун, элдин кызыкчылыгын алдыга коюп, өзүнүн калыс сөздөрүн айтып, кеңешин берип келе жаткан ардактуу ардагер. Мындай инсандын акыл-насааты өлкөнүн өнүгүшү, гүлдөп өсүшү үчүн аба-суудай керек. Мамлекеттин келечеги, жакшы нукка кетиши тууралуу түзүлгөн Конституциялык Кеңешменин да активдүү мүчөсү болуп бир топ элге пайдалуу сунуштарын киргизип, жалындуу сөздөрүн айта алды. Андыктан өсүп келе жаткан жаштарга үлгүлүү болгон, кеменгер, саясатта таза жүргөн Эсенгул Байдалиевичтей инсандар арбын болсун!