Келечеги кең болсун. Эл сүймөнчүлүгүнө айланган Байзакты Балбак Түлөбаев кабыл алды
Элита плюс
Февраль 08, 2021 г.
Аз убакыттын ичинде Кенже Көбөкованын аткаруусундагы "Кечирип кой" ырын жандуу үн менен аткарып, социалдык тармактардан эл сүймөнчүлүгүнө айланып, интернет жылдызы аталган жаш талант - Байзак Кубанычбек уулун Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев кабыл алды. Бул тууралуу калаа башчысы өзүнүн Фейсбук баракчасына аны менен түшкөн суротун жуктоп:
"Жумгалдык талант. Келечеги кең болсун!" , - деген билдирүүсүн калтырган.