Саясат
К.Боронов: "Республикалык ыкчам штабды Баатырбеков жетектейт"
Элита плюс
Июнь 20, 2020 г.
К.Боронов: "Республикалык ыкчам штабды Баатырбеков жетектейт"
© Элита плюс

Республикалык ыкчам штабдын иштерин мындан ары биринчи-вице-премьер министр Алмазбек Баатырбеков жетектейт.  Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.  Анын айтымында, Коопсуздук Кеңешинин чечиминде көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар сапаттуу, толук көлөмдө жана тийиштүү мөөнөттө аткарылышы керек.  “Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күзгү-кышкы мезгилине карата комплексттүү даярдык чараларын ишке ашырууга тийиш, бул ооруп калгандардын санынын көбөйүшүнө медициналык мекемелердин жана экономикалык ишмердиктин ар кандай багыттагы иштерине да даяр болушуна тиешелүү”, – деп белгиледи өкмөт башчы.