Саясат
К.Боронов: "Насыя берүүдө талаптар жеңилдейт"
Элита плюс
Август 25, 2020 г.
К.Боронов: "Насыя берүүдө талаптар жеңилдейт"
© Элита плюс

"Банктардын жетекчилери менен жолугушууда жеке ишкерлерге банктар тарабынан коюлган негизги 7 талаптын 4 талабын жеңилдетип, башкача айтканда, кредит алуучулардан талап кылбай санариптештирүү жана "Түндүк" системасы аркылуу алууну милдеттендирдик. Азыр 2 мамлекеттик банк РСК жана Айыл банктары бул система менен иштеп баштады. Буюрса, коммерциялык банктар кошулат деп ишенебиз", – деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Ишкерлерден талап кылынбаган маалымкаттар тууралуу

1. Мамлекеттик салык кызматында салыктык каттоону тастыктаган справка талап кылынбайт. Маалымат базасы санариптештирип жана «Түндүк» системасы аркылуу алынат.

2. Социалдык фонддон жана Мамлекеттик салык кызматынан бюджетке карыздын жоктугу жөнүндө справка. «Түндүк» системасы аркылуу алынат.

3. Күрөөгө коюлган эмес жана камакка (арест) алынбагандыгы жөнүндө справка. Коммерциялык банктар бул маалыматты талап кылбайт. Мамлекттик нотариуста келишим түзүүдө аныкталат. Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги жана малекеттик нотариустар (Юстиция министрлиги) менен келишим түзүшү керек.

4. Кредит алуучунун жана күрөө берүүчүнүн жашаган жери жана үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө справка суралбайт.

Жеңилдетилген кредиттерди берүүдө банктар ишкерлерден 3 гана документти сурашат:

1. Күрөөгө коюлган мүлккө техникалык, укук коргоочу документтердин түп нускалары. Күрөөгө коюлган мүлктүн түп нускалары банкка тапшырылат.

2. Патенттин көчүрмөсү, жеке ишкердин күбөлүгү жана ИНН. Бул талап банктар үчүн зарыл.

3. Кредит алуучунун ишкердигин же кошумча кирешесин тастыктаган документтер. Бул талап банктар тарабынан тобокелдиктерди азайтуу максатында алынат.