Саясат
К.Боронов: "Кредит алуу шарттары жөнөкөйлөшөт
Элита плюс
Август 06, 2020 г.
К.Боронов: "Кредит алуу шарттары жөнөкөйлөшөт
© Элита плюс

Кредиттик каражаттарды алууга тийиштүү шарттар жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«Иштеп жаткан банктардын бирин экспорттук-импорттук банкка айландыруу – көптөн бери күн тартибинде турган маселе. Бүгүнкү күндө бул маселенин актуалдуулугу жогорулады. Мындан тышкары, кредит алууга тийиштүү шарттар жөнөкөйлөштүрүлөт. Тобокелдиктерди эске алуу менен максималлдуу түрдө элге жана ишкерлерге кредит алуунун шарттарын жөнөкөйлөтүшүбүз керек», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.