Дүйнөдө
Казасктанда сутка ичинде 428 адамдан илдет чыкты
Элита плюс
Июнь 20, 2020 г.
Казасктанда сутка ичинде 428 адамдан илдет чыкты
© Элита плюс

Бир суткада Казакстанда дагы 428 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Республика боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 16 779 адамды түзсө, анын ичинен 10 411 (+272) бейтап айыкты. Каза болгондордун саны — 113.

Казакстан 20-июндан тарта кошуна мамлекеттер менен аба каттамын жандандырат. Азырынча бул тизмеде 6 өлкө бар: Түркия, Кытай, Түштүк Корея, Таиланд, Грузия жана Япония.

1-июлга чейин Азербайжан менен авиакаттамды жандандыруу маселеси каралууда. Андан сырткары, Германия, Бириккен Араб Эмирлиги, Польша, Венгрия жана Чехия өлкөлөрү менен аба каттамдарын жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылууда.