Коом
Казарман-Акталчат жолунда катуу бороон болуп, жол жабылды
Элита плюс
Февраль 25, 2021 г.
Казарман-Акталчат жолунда катуу бороон болуп, жол жабылды
© Элита плюс

Нарындын  Казарман-Акталчат жолунун Кара-Гөө ашуусунда катуу бороон болуп, жол жабылды. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ушул эле жолдун Дөдөмөл участкасынын 35-44-чакырымында дагы бороондон улам жол жабылган.

"Бир метр аралык көрүнбөй жатат. Учурда эки бульдозер иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.