Дүйнөдө
Казандагы мектептеги атышууну уюштурган жигит полицияга окуучулардын баарын жаман көрөрүн айтты
Элита плюс
Май 11, 2021 г.
Казандагы мектептеги атышууну уюштурган жигит полицияга окуучулардын баарын жаман көрөрүн айтты
© Элита плюс

 Казандагы мектепте болгон атышуунун кесепетинен 11 адам каза болуп, 32 адам жаракат алды. Атышууну эки жигит уюштурган. Учурда экөө тең колго түшүрүлдү.

Ок атышууну уюштургандардын бири Ильназ Галявиев ТИСБИ колледжинин төртүнчү курсунун студенти. Сурак учурунда ал полицияга окуучулардын баарын жек көрөрүн айтып, бомба жасоону интернеттен үйрөнгөнүн айткан.

Галявиев буга чейин телеграмда "Кудай" аталышындагы канал ачып, "Бүгүн мен көп сандаган адамды өлтүрүп, андан соң өзүмдү атып салам. Мен кудай катары ар бир адам өзүн менин кулум экендигин таануусун каалайм. Силер мен эмнени кааласам ошонун барын кылышыңар керек. Ар бириңер он адамдан өлтүрүшүңөрдү каалайм. Дүйнөдө тирүү жан калбашы керек. Бул ааламдын катасы. Мен барыңардан кутулуш үчүн бул дүйнөгө адам кейпинде келдим", - деп жазган.