Президент
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элине көңүл айтты
Элита плюс
Июль 30, 2020 г.
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элине көңүл айтты
© Элита плюс

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарынын элесине карата Кыргызстанда 30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго жана өлкөнүн элине көңүл айтты. «Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктары болгон бир тууган Кыргызстандын жарандарынын элесине арналган Улуттук аза күтүү күнүндө чын ниеттен кайрат айтам. Бул катаал күндөрдө дүйнөдөн мезгилсиз кайткандардын туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшүп, аларга терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми бул жаман дарт менен күрөшүп жаткандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетүүлөрүн тилейм», — деп айтылат Казакстан Президентинин көңүл айтуу телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев чечкиндүү көрүлгөн чаралар, кыргызстандыктардын ынтымагы жана биримдиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эң жакынкы мезгилде турукташтыра тургандыгына ишенерин билдирди, ошондой эле Казакстан боордош Кыргызстан элине мурдагыдай эле колунан келген жардамын көрсөтүүгө даяр экендигин жана коронавирус инфекциясына каршы биргеликте күрөшүүгө бардык аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Флаги блока:
На монтаж -- 0Смонтирован -- 0