Дүйнөдө
Казакстандын бийлиги чиновниктерге чет өлкөдө эсеп ачууга тыюу салды
Элита плюс
Декабрь 11, 2020 г.
Казакстандын бийлиги чиновниктерге чет өлкөдө эсеп ачууга тыюу салды
© Элита плюс

Казакстан Сенаты мамлекеттик кызматкерлерге, парламент депутаттарына жана сотторго чет өлкөлүк банктарда эсеп ачууга, акча жана баалуу буюмдарды сактоого тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Ошол эле учурда мындай тыюу алардын жубайларына, балдарына тиешелүү эмес.

"Сенатор Андрей Лукин бул Казакстан үчүн коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн жаңы инструменти экенин, буга байланыштуу биринчи тажырыйба топтоп, андан соң гана мыйзамга чиновниктердин үй-бүлө мүчөлөрүн кошуу зарылдыгын айтты", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин сентябрь айында Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев (Арам акчаны адалдоого каршы финансылык чараларды иштеп чыгуу) тобунун сунушу менен аткаминерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө чет өлкөдө эсеп ачууга тыюу салуу пландалып жатканын билдирген.