Дүйнөдө
Казакстанда спорттук комплекстердин иштешине уруксат берилди
Элита плюс
Сентябрь 01, 2020 г.
Казакстанда спорттук комплекстердин иштешине уруксат берилди
© Элита плюс

Коңшу өлкө Казакстанда театр, китепкана, бассейн, музей жана спорттук комплекстердин иштешине уруксат берилди. Мындай токтомго Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин кол койду. Ага ылайык 1-сентябрдан тарта 180 орунду мектептерге уруксат берилет. Бир класста 15 окуучудан ашпоосу керек. Ошондой эле дем алыш күндөрү соода борборлору, спорттук комплекстер жана коомдук жайлар жабылат. Азык-түлүк саткандар гана кадимки тартипте иштей берет. Бүгүн өлкө боюнча коронавируска чалдыкккан 77 учур катталган. Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 105 миң 872ге жетти. Ал эми 1 миң 523 бейтап каза болгон.