Дүйнөдө
Казакстанда куш тумоосу күч алууда
Элита плюс
Сентябрь 23, 2020 г.
Казакстанда куш тумоосу күч алууда
© Элита плюс

Казакстандын Айыл чарба министрлиги өлкөнүн дагы үч облусунда куш тумоосу катталып, үй канаттуулары жапырт кырылып жатканын билдирди. Расмий маалыматтар боюнча чарбаларда кеминде 100 миң канаттуу өлдү.

Бийлик ветеринардык кызматтар бардык зарыл чараларды көрүп жатышканын билдирүүдө. Куш тумоосу катталган облустарда карантин жарыяланып, райондор ортосундагы каттамдарга чектөөлөр киргизилди. Мындан тышкары райондордун кире бериштерине блокпосттор коюлуп, ветеринардык адистер нөөмөттө турушат.

«Бул илдет адамдар үчүн коркунуч жаратпайт. Ал адамдан адамга жукпайт. Канаттуунун этин же жумурткасын жегенде жуккан фактылар жок. Сейрек учурларда гана ооруган же өлгөн канаттуу менен түздөн-түз байланышта болгон адамдарга жугат», — деди өлкөнүн Товарлар менен кызматтардын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө комитетинин башчысы Тимур Султангазиев.

Бирок эпидемиолог-дарыгер Рафаиль Кипшакбаевдин айтымында, вирус акыркы кездери мутация болгондуктан, адам ооруну канаттуулардын этин жегенде гана эмес, башка адамдардан да жуктуруп алышы мүмкүн.

«Алгач куш тумоосу адамдан адамга жукпайт деп эсептелген. Бирок акыркы маалыматтар боюнча вирус мутация болгон, эми ал адамдан адамга жугушу мүмкүн. Ошондуктан азыр катуу көзөмөл керек», — деди Кипшакбаев.

Айыл чарба министрлиги өлгөн канаттуулар үчүн фермерлерге базардагы орточо баа менен компенсация төлөнүп берилерин билдирген. Куш тумоосу аныкталган аймактарга адистер жөнөтүлүп, илдетин жайылуусун токтотуу иштери жүргүзүлүдө. Бүгүнкү күндө аларга бир жарым миллион даана вакцина берилди. Бул дээрлик беш миллион канаттууну эмдөөгө жетет.