Коом
Казакстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду
Элита плюс
Март 31, 2020 г.
Казакстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду
© Элита плюс

Казакстанда коронавирус илдетинен дагы бир адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн коронавируска каршы көрөшүү штабынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 50 жаштагы бейтап 21-март күнү Нур-Султан шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Ал бир ай боюу ооруп жүргөнүн айткан.

Ушуну менен Казакстанда коронавирус илдетинин адам өмүрүн алган экинчи учуру катталды.

Коңшу өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 308 адамга жетти. 31-март күнү эрте менен 17 учур катталды.