Дүйнөдө
Казакстанда коронавирустан алтынчы адам каза болду
Элита плюс
Апрель 06, 2020 г.
Казакстанда коронавирустан алтынчы  адам каза болду
© Элита плюс

Кечээ, 5-апрелде Казакстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду. Бул учур Шымкент шаарында катталганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, көз жумган бейтап 56 жашта болчу. Буга чейин Казакстанда бул вирустан 5 адам каза тапкан. Ал эми коронавирус жуктургандардын саны 551 адамга жетип, 36 бейтап айыкты.

Кыргызстанда коронавирус боюнча 147 учур катталды. Ошондой эле 9 адам айыгып, 1 адам көз жумду.