Дүйнөдө
Казакстанда коронавирус жугузган кишилердин саны 125ке жетти
Элита плюс
Март 27, 2020 г.
Казакстанда коронавирус жугузган кишилердин саны 125ке жетти
© Элита плюс

Казакстандын Павлодар облусунда бир, Атырау облусунда үч киши коронавирус жугузуп алганы белгилүү болду. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн эртең менен Алматыда дагы сегиз бейтаптан вирус табылганын кабарлаган.

Ушул тапта жалпысынан 125 кишиге коронавирус диагнозу коюлду. Нур-Султанда – 60, Алматыда – 48, Карагандыда – 4, Жамбыл жана Атырау облусунда үчтөн, Чымкентте эки, Алматы, Актөбө, Түндүк Казакстан, Акмоло жана Павлодар облустарында бирден киши эмделүүдө.

Казак бийлиги 26-мартта коронавирустан 64 жаштагы аял өлгөнүн маалымдаган.

Нур-Султан жана Алматыда 30-марттан 5-апрелге чейин мамлекеттик органдар, акимчиликтер, укук коргоо органдары, саламаттык сактоо уюмдары, ЖМКлар, азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалардан тышкары бардык ишкана-уюмдар ишин токтотот. Чечимди Казакстан президентине караштуу өзгөчө абал режимин камсыздоо боюнча мамлекеттик комиссия кабыл алды.