Дүйнөдө
Казакстанда коронавирус илдетине байланыштуу жагдай турукташты
Элита плюс
Август 03, 2020 г.
Казакстанда коронавирус илдетине байланыштуу жагдай турукташты
© Элита плюс

Казакстанда коронавирус илдетине байланыштуу жагдай турукташты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты. Казакстан республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой “силер өзүңөр деле көрүп турасыңар. Оорунун жогорку чекке жеткен учуру артта калды. Биздин милдетибиз - учурдагы оор шарттарда жетишилген кырдаалды кармап туруу. Бул өлкө элине жана жалпы эле саламаттыкты сактоо системасына оор сыноо болду” деп айтты. Ооруну жугузуу деңгээли боюнча эң жакшы көрсөткүчтөр Батыш-Казакстан аймагына, Алматы, Түркстан, Костанай, Акмоло жана Мангистау облустарына, ошондой эле борбор калаа Нур-Султан шаарына таандык.
“3-август күнү жалпысынан илдетти жугузгандардын саны 92 662 адамга жетти. Бирок алардын 67,2 пайызы, башкача айтканда 62 511 киши айыгып чыгышты. Акыркы суткада 672 киши илдеттен арылып, үйлөрүнө кеткен. Мындай жакшы көрсөткүчтөр акырындык менен өсүп жатат” деди министр Цой. Ал ошондой эле карантиндик чаралардын узартылышы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"Биз эки апта бою оорунун таралышы боюнча көрсөткүчтөрдү күн сайын мониторингге алабыз. Эгер оорууну жугузуу көрсөткүчүнүн туруктуу төмөндөшүн байкасак карантиндик чараларды кыскартуу планыбыз бар. А бирок динамикалык көрсөткүчтөр начарлап кетсе башкача чечим чыгат. Азырынча жакшы динамикалык көрсөткүчтөр бар”.