Дүйнөдө
Казакстанда бирк күндө коронавирус жуктурган 1 миң 544 учур катталды
Элита плюс
Июль 29, 2020 г.
Казакстанда бирк күндө коронавирус жуктурган 1 миң 544 учур катталды
© Элита плюс

Казакстанда акыркы күн ичинде коронавирус жуктурган 1 миң 544 учур катталды. Бул тууралуу Казинформ маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 1 миң 544 учурдун 760 адамда оорунун белгилери байкалган эмес. Илдетти Нур-Султанда 250, Алматыда 271, Шымкентте 51, Акмолада 51, Актөбеде 22, Алматы облусунда 73, Атырауда 58, Чыгыш Казакстанда 193, Жамбылда 52, Батыш Казакстанда 80, Карагандада 129, Костанайда 65, Кызылордада 52, Маңгистауда 49, Павлодарда 50, Түндүк Казакстанда 63, Түркестанда 35 адам жуктурган. Казакстанда коронавирусту жалпы 86 миң 192 жаран жуктурган.