Дүйнөдө
Казакстанда бир күндө беш адам каза болду
Элита плюс
Июнь 19, 2020 г.
Көрүүлөр: 2
Казакстанда бир күндө беш адам каза болду
© Элита плюс

Акыркы бир сутка ичинде Казакстанда 474 коронавирустук инфекциясы бар бейтап аныкталып, беш адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн республикалык штабы кабарлады. Маалыматка ылайык, вирус жуктургандардын көпчүлүгү Нур-Султан шаарынын тургандары. Казакстандын борборунда 103 адам илдетке кабылса, Караганды облусунда 57, Алматы шаарында 41 учур катталган. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 16 351 адамга жетти. Мындан тышкары, жалпы статистикага кирбеген, тактап айтканда оорунун белгилери байкалбаган коронавирустук инфекциянын 778 учуру катталды. Азыркы учурда өлкөдө вирусту алып жүрүүчүлөрдүн жалпы саны 7609 кишиге жетти. Ыкчам штаб өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны өсүп жаткандыгын айтууда. Казакстан коронавируска кабылгандар менен анын курмандыктары боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы сапта. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 105 адам коронавирустан каза болду.