Коом
Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын кайтара баштады
Элита плюс
Сентябрь 22, 2020 г.
Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын кайтара баштады
© Элита плюс

Товар алмашуу келишимине ылайык Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын кайтара баштады. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы билдирди. Өкмөттүн буйругуна ылайык "Электр станциялары" ишканасы Казакстандын тиешелүү энергетикалык компаниясы менен 300 млн кВт/саат көлөмдө электр энергиясын алмашуу тууралуу келишим түзгөн. Келишимге ылайык 2020-жылдын июнь айынан август айына чейин Кыргызстан Казакстанга 300 млн кВт/саат электр энергиясын берген. "21-сентябрдан тарта Казакстан тарап мурда алган электр энергиясын кайра бизге кайтара баштады", - деп билдирет Улуттук энергетикалык холдинг.