Дүйнөдө
Казакстан: Коронавирустан 51 дарыгер каза болду
Элита плюс
Июль 17, 2020 г.
Казакстан: Коронавирустан 51 дарыгер каза болду
© Элита плюс

Казакстанда коронавирус илдетинен 51 медицина кызматкери көз жумду. Бул тууралуу товар менен кызмат сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө комитетинин төрагасы Тимур Султангазиев билдирди. Анын айтымына караганда каза болгондордун баары коронавирустан көз жумган деп саналат. Ал учурда канча дарыгер вирус жуктуруп алганын жана каза болгон медицина кызматкерлеринин туугандарына өкмөт убада кылган кенемте акчаны төлөө боюнча маслеоле каралып жатканын кошумчалады. Казак бийлиги инфекция жуктуруп алган медицина кызматкерлерине эки миллион, каза болгондорго 10 миллион теңге төлөөгө убада берген. Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган кишилердин саны 65 миңден ашты. 39 миңдей бейтап сакайса, 396 киши көз жумду.