Дүйнөдө
Казакстан карантин чараларын жумшартты
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
Казакстан карантин чараларын жумшартты
© Элита плюс

Казакстан бийлиги вирус жуктурган учурлар азайганына байланыштуу карантин чараларын жумшарта баштады. Бүгүнтөн тарта борбор калаа Нур-Султанда бир катар мекемелер иштей баштайт. Алар — тейлөө борборлору, дүкөндөр, тамактануу жайлары, финансы мекемелери. Анткен менен бардык жарандар бет кап кийүү, аралыкты сактоо, антисептикалык каражаттарды пайдалануу сыяктуу санитардык эрежелерди кармоого милдеттүү. Ал эми иштөөсүнө тыюу салынган тармактардын катарын мурдагыдай эле массалык эс алуу жайлары, мончо, СПА-салондор, түнкү клубдар түзөт. Ошондой эле той-топурга дагы уруксат берилбейт. Эскерте кетсек, Казакстанда 5-июлдан тарта катаал карантиндик чектөөлөр коюлган. Өлкөдө март айынан бери 102 696 кишинин коронавирус жуктурганы лабораториялык түрдө тастыкталган жана 1 397 киши өлгөн. Августтун алгачкы 15 күнүндө 18 465 адам вирустук пневмонияга кабылып, 216 киши кайтыш болгон.