Дүйнөдө
Казакстан: Пандемия башталгандан бери илдеттен 1269 бейтап каза болду
Элита плюс
Август 11, 2020 г.
Казакстан: Пандемия башталгандан бери илдеттен 1269 бейтап каза болду
© Элита плюс

Казакстанда 3-августтан баштап 9-августка чейин коронавирус инфекциясынын кесепетинен 211 адам каза болду. Республика боюнча пандемия башталгандан бери бул оорудан 1269 бейтап көз жумду.

Ошондой эле 100 миң 164 адам коронавирус менен катталып, алардын ичинен 73 миң 702 бейтап айыкты.

Казакстанда 3-августтан тартып акырындык менен карантиндик чектөөлөр жумшартылууда.