Дүйнөдө
Казакстан эл аралык аба каттамдарды ишке киришет
Элита плюс
Август 13, 2020 г.
Казакстан эл аралык аба каттамдарды ишке киришет
© Элита плюс

Казакстан эл аралык аба каттамдарды 17-августтан тарта этабы менен ишке киргизет. Алгачкы каттамдагы учактар Бириккен Араб Эмираттары, Беларусия, Германия, Нидерланды, Египет, Украина жана Орусияга учат. Ал эми каттамдардын санын эки тарап абалга жараша аныктайт.

  • Кыргызстан менен Түркияны жана Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарын байланыштырган туруктуу аба каттамдар 8-августтан тарта ишке кирген.
  • Учурда Орусия, Казакстан жана Өзбекстан менен байланыштырган аба каттамын калыбына келтирүү максатындагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдиргендей, Өзбекстандан туруктуу каттамды жандандыруу сунушу түшкөн. Бул план ушул айдын аягында ишке ашышы мүмкүн.

Ошондой эле аба байланышын жандандыруу боюнча Кувейт өлкөсүнөн да расмий сунуш келди. Учурда бул маселенин үстүнөн республикалык ыкчам штаб иштеп жатат.