Саясат
Казакбаев Түрк тилдүү кеңешинин өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөштү
Элита плюс
Октябрь 16, 2020 г.
Казакбаев Түрк тилдүү кеңешинин өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөштү
© Элита плюс

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, Амреев Казакбаевди тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Башкы катчы Кыргызстанга ушул жылдын 22-октябрында иш сапары менен келип, премьер-министр Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу ниетин билдирди.

Жолугушууда Түрк кеңешинин учурдагы ишмердүүлүгүн, анын ичинде COVID-19 учурунда кеңештин көрүлгөн чараларын талкуулашты.

Министр Р. Казакбаев Кыргызстан Түрк кеңешинин куруучу мүчөлөрүнүн бири болуп саналарын жана мындан ары да Түрк кеңешинин өнүгүүсүнө жана бекемделишине салым кошууга даяр экендигин билдирди.