Коом
“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Элита плюс
Декабрь 08, 2022 г.
“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
© Элита плюс

“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк регион боюнча башкармалыгынын кызматкерлери “Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты.

2022-жылдын 11-ноябрына караган түнү Ош шаарындагы караоке-клубдардын биринде бир нече адам эки жигитти бычак менен коркутушуп, сабашып, андан соң кылмыш болгон жерден изин жашырып кетип калышкан. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө “Казак” каймана аты менен белгилүү болгон 41 жаштагы жаран өзүнүн шериги 37 жаштагы Б.С. менен Ош шаарынын аймагынан кармалышты. Кармалган жарандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.