Коом
Катар өлкөсүнөн кыргыз элине гуманитардык жардам келди
Элита плюс
Август 03, 2020 г.
Катар өлкөсүнөн кыргыз элине гуманитардык жардам келди
© Элита плюс
Катар өлкөсүнөн кыргыз элине гуманитардык жардам келди
© Элита плюс

Бүгүн, 3-июлда “Манас” эл аралык аба майданына Катар өлкөсүнөн жөнөтүлгөн гуманитардык жардам түшүрүлдү.

Жакынкы чыгыштагы мамлекет КР Саламаттык сактоо министрлигине 420 даана кычкылтек концентраторун кайтарымсыз жардам катары берди. Аманаттын жалпы наркы 250 000 долларды түзөт.

Катар өлкөсүнөн келген медициналык жабдууларды КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев башында турган делегация кабыл алды.

“Бизге берилген медициналык жабдуулар миңдеген кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Анткени кычкылтек – коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарга керектүү химиялык элемент болуп эсептелет. Биз гуманитардык жардам көрсөткөн Катар мамлекетине ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, деди КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев.

Ал, кабыл алынган жабдуулар кычкылтек концентраторлору керек болуп жаткан медициналык мекемелерге таратылаарын кошумчалады.