Эл өкүлү
А.Карашев: "Эң башкысы райондук мамлекеттик администрациялардын таасирдүүлүгү артат"
Элита плюс
Октябрь 08, 2021 г.
А.Карашев: "Эң башкысы райондук мамлекеттик администрациялардын таасирдүүлүгү артат"
© Элита плюс

Башкаруу системаларын жөнгө салуу багытындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште каралып, добушка коюлган эле. Ушул сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу райондук мамлекеттик адмнистрациялардын ишмердүүлүгүн күчөтүү шарттары караштырыларын түшүндүрүп, Жогорку Кеңеш депутаты Аалы Карашев "Парламент" радиосуна маалымат берди.

Эл өкүлүнүн айтымында, аталган мыйзамдар мазмуну жагынан көп өзгөрүүлөргө учураган жок. Болгону, техникалык негизде гана таризделди.  Эң башкысы райондук мамлекеттик администрациялардын ишмердүүлүгүн каржылык тартипте иретке келтирип, андагы таасирдүүлүктү күчөтүү чаралары кошумчаланып жатат.

“Азыркы күндө башкаруунун 4 деңгээли колдонулууда. Атай келгенде алар: борбордук, -  деп саналган аткаруу бийлиги, ал эми областтык жана райондук даражадагы бийликтер менен айыл аймактарындагы бийликтер болуп башкаруу тепкичтери такталган. Айыл аймактарынын дээрлик 80%ы дотацияда отурганы менен алардын азын – оолак колунда бюджеттик каражаттары бар. Ал эми  райондук деңгээлдеги каражат эсебине келсек, акимчиликтин фондунан башка арбып кеткен деле акча жок. Областтык деңгээлдеги фонддордун деле демилгелүү иште алсыздыгы байкалып турат. Ошондуктан, бийлик түзүмүндөгү райондук башкаруунун баркын көтөрүп, таасирин күчөтүү талаптары сунушталып жатат”, - дейт А.Карашев.  

Райондук бюджет бир гана кызматкерлердин айлыгынан турбастан, теңдештирүүчү, түртү берүүчү гранттардын эсебинен да толукталып турганы жакшы. Ошондо жергиликтүү маанидеги маселелер маалкатпай чечилмек, - деп белгилеген депутат, - “Жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк берүүчү мыйзам кабыл алынса, ал 2023 – жылдын январь айынан тартып иштей баштайт”, - деп кошумчалады.