Коом
11-майдан тартып, карантин режиминде уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмеги
Элита плюс
Май 11, 2020 г.
11-майдан тартып,  карантин режиминде  уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмеги
© Элита плюс

Карантин режиминде (ӨК) 2020-жылдын 11-майынан тартып уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмеги (жаңыланды)

Иштин түрлөрү:

1. Төмөнкүлөрдү өндүрүү, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу менен байланышкан ишканалар:
- нукура, чийки жана кайра иштетилген түрдөгү айыл чарба продукциясын, тамак-аш продуктуларын, суусундуктарды жана азык-түлүктү, анын ичинде кошо чыгарылуучу товарларды өндүрүү (таңгактарды, тоюттарды ж.б.);
- дары-дармек каражаттарын, медициналык препараттарды, буюмдарды (анын ичинде жеке коргонуучу каражаттарды, медициналык маскаларды жана халаттарды);
- күйүүчү-майлоочу материалдарды жана газ баллондорду сатуу.

2.Медициналык мекемелердин иши.

3.Лабораториялардын
иши.

4.ТКЧ кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык түрлөрү (суу, канализация, газ, жарык берүү, байланыш, жылуулук, таштандыларды жыйноо жана ташып чыгуу, лифтёрлордун кызматтары).

5.Агынды чуңкурларын (септиктерди) дезинфекциялоо жана тазалоо.

6.Почта байланышынын иши.

7.Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:
- коммерциялык банктардын иши;
- Бажы, каржы жана биржа брокерлеринин иши;
- микрофинансылык уюмдар;
- акча алмашуу пункттары;
- ломбарддар;
- камсыздандыруу компаниялары;
- жеке жана мамлекеттик нораиустардын кызмат көрсөтүүлөрү;
- юридикалык кызмат көрсөтүүлөр (адвакатуралар);
- кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
- туристтик агенттиктер жана кызмат көрсөтүүлөрү;
- басма кызматтары.

8.Массалык маалымат каражаттары.

9.Коомдук тамактануу пункттары, анын ичинде тез тамак жасоо жайлары (жеткирип берүүгө гана).

 Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү:
- энергетикалык өнөр жай;
- химиялык жана нефтигаз өнөр жайы;
- машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай;
- тоо кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия;
- текстилдик жана булгаары-бут кийим өнөр жайы;
- эмерек өнөр жайы;
- курулуш жана жасалгалоочу материалдарды өндүрүү;
- жана башка өнөр жай жана өндүрүш түрлөрү.

11. Курулуш чөйрөсү:
- курулуш обьектилери;
- сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдор жана көпүрөлөр чөйрөсүндөгү подряддык иштер;
- кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр.

12. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү:
- техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоону кошо;
- дөңгөлөктөрдү желимдөө жана түздөө;
- жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.

13. Соода чөйрөсү:
- интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматты кошо;
- курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү), дүкөндөр жана базарлар жана жеткирүү;
- тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды дүңүнөн сатуу (дүң соода түйүндөрү/кампалар/ дүкөндөр), базарлар жана жеткирүү;
- жашыл базарлар (көчөттөрдү сатуу ж.б.);
- автотетиктер, велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү жана базарлары;
- автосалондор, авторыноктордон сырткары.

14. Калкты тейлөө кызматтары:
- чач тарач кабинеттеринин жана салондордун кызмат көрсөтүүлөрү;
- сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
- тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо;
- химтазалоо жана клининг.

1⃣5⃣ Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү:
- уюшулган таксомтордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү (2ден ашык адам салбаганда).

Эскертүү: Таблицада 2020-жылдын 26-мартынан баштап уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрү киргизилген (ӨА). Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу уруксат берилген экономикалык ишмердик түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Муну менен бул тизме Өзгөчө кырдаал режиминде дагы аракетте болорун белгилеп коюубуз керек.