Аймактар
Каракол шаарында бир катар батирдик уурулукка тиешеси бар жаран кармалды
Элита плюс
Апрель 20, 2023 г.
Каракол шаарында бир катар батирдик уурулукка тиешеси бар жаран кармалды
© Элита плюс
Каракол шаарында бир катар батирдик уурулукка тиешеси бар жаран кармалды
© Элита плюс
Каракол шаарында бир катар батирдик уурулукка тиешеси бар жаран кармалды
© Элита плюс

Жакында Каракол ШИИБнин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар батирлерди уурдоого шектелип, Нарын облусунун тургуну, убактылуу Каракол шаарында жашаган 43 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран кармалды.
Мунун баары өткөн жылдын октябрь айында башталган. Облустук борбору – Каракол шаарында батирдик уурдоо фактылары күчөп, ал боюнча көптөгөн арыздар шаардык милицияда каттала баштаган. Белгисиз жарандар жабырлануучулардын турак жайларына киришип, негизинен тиричилик техникаларын, баалуу буюмдарды жана ар кандай үй эмеректерин уурдап кетишчү. Кылмышка шектүүнүн изине түшүү үчүн, кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлерине дээрлик жарым жыл талап кылынды.
Козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган жарандын жана анын тааныштарынын үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда уурдалган 40тан ашык буюм табылып алынды, алардын бир бөлүгү жабыркаган арыз ээлери тарабынан танылып чыкты.
Бүгүнкү күнгө, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан шектүүнүн 18 батирдик уурдоо фактысына тиешеси бар экени аныкталган.
Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды.
Учурда, кылмышка шектүү жарандын Каракол шаарынын жана коңшу райондордун аймагында башка ушул өндү мыйзамсыз аракеттерге катыштыгын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.