Коом
Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын кызматкери Э.Б. кармалды
Элита плюс
Декабрь 29, 2022 г.
Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын кызматкери Э.Б. кармалды
© Элита плюс

Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын кызматкери Э.Б. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР УКМК Ош областтык жана Ош шаардык башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюняа кылмыштырдын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында, Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын кызматкери Э.Б. кармалды.

Иштин материалдарында, аталган кызматкер 2022-жылдын 21-декабрында жасалма документтердин негизинде 0,65 гектар жер тилкесине мамлекеттик күбөлүк каттатып алган. Алынган маалыматка караганда, кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган жер тилкесин чет элдик инвесторлорго 350 миң АКШ долларына сатууга аракет кылып, КР УКМК тарабынан токтотулган.

Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнө карата тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК, мүмкүн болуучу терс финансылык кесепеттерди алдын алуу үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алуучуларга кыймылсыз мүлктү сатып алардан мурда аларды кылдат изилдөө жана текшерүүнү жүргүзүүнү эскертет.