Аймактар
Кара-Балтада калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Элита плюс
Август 10, 2020 г.
Кара-Балтада калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
© Элита плюс

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыкчам штабдын мүчөлөрү соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, базарларда санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын текшерди.

Аны менен бирге, штаб мүчөлөрү COVID-19 илдетин алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.