Ийгилик сыры
Каныбек ТУМАНБАЕВ, жеке ишкер: “Элден бата алуу, ыраазычылыкка арзуу - жан дүйнөнүн тынчтыгы”
Элита плюс
Март 26, 2020 г.
Каныбек ТУМАНБАЕВ, жеке ишкер:  “Элден бата алуу, ыраазычылыкка арзуу - жан дүйнөнүн тынчтыгы”
© Элита плюс
Каныбек ТУМАНБАЕВ, жеке ишкер:  “Элден бата алуу, ыраазычылыкка арзуу - жан дүйнөнүн тынчтыгы”
© Элита плюс
Каныбек ТУМАНБАЕВ, жеке ишкер:  “Элден бата алуу, ыраазычылыкка арзуу - жан дүйнөнүн тынчтыгы”
© Элита плюс
Каныбек ТУМАНБАЕВ, жеке ишкер:  “Элден бата алуу, ыраазычылыкка арзуу - жан дүйнөнүн тынчтыгы”
© Элита плюс

Жөнөкөйлүк инсандын эң бийик сапаттарынын бири. Журналыбыздын негизги каарманы менен маектешип жатып анын ушул сапаттын баамдадым. Ушундан улам жеке ишкер Каныбек Туманбаев менен кайрымдуулук, ишкердүүлүк, достук, айымдарга болгон сый-урмат, жөнөкөйлүк туурасында кеп курдум.

“Энелик мээримге толгон балалык”

-Үч бир туугандын кичүүсүмүн. Агам, эжем жана мен. Жашоо ушундай экен атабыздан эрте ажырадык. Ошентсе да, атабызды жоктотпой энебиз биздин келечек үчүн баардык күчүн, аракетин жумшап бапестеп өстүрдү. Энемдин күнү-түнү уктабай, бизди эч нерседен кем кылбай артыкча шарт түзүп, татыктуу инсан кылып тарбиялаганына мен чексиз баа берем. Кичине чагымда эле кээде энемдин кыйналганын көрүп, аябай капа болуп “чоңойгондо энем үчүн баардык шарттарды түзүп, мойнума көтөрүп алам” деп алдыма чоң максат койчумун. Бул максат мени көп бийиктиктерге жеткирди. Эң оболу инсан катары түптөлүшүмө чоң сабак болду десем жаңылышпайм. Энебиздин бизге төккөн мээримине миң ийгилик жаратып кайтарсак дагы аздык кылат деп ойлойм.

“Алгачкы ийгилик”

-1998-жылы мектепти аяктап Жалал-Абад Университетине “Инженер-электрик” кесибине тапшырдым. Кийин “Экономист” кесибине дагы ээ болгом. Окуу жайда үчүнчү курсту аяктап, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп Орусиянын Волгоград шаарына иштөөгө, соода кылганга кеттим. 1999-жылдары баарына белгилүү болгондой кыйынчылык убагы болчу. Ал убакта Орусияга кыргыздар жаңыдан барып иштей башташкан, алгач иш соодадан башталган эле. Иштеп жүрүп ошол Волгоградда жүзгө жетпеген кыргыз бар элек, алардын башын бириктирип “Кыргыз диаспорасын” түздүм. Диаспораны эки жарым жылча жетектеп кийин Москва шаарына отурукташып ал жакта иштеп баштадым. Ишти бир нукка коюп, өнүгүү жолуна түшкөндө кытайда жүрүп жеке ишкерлик менен алектенип калдым. Кийин 2010-жылы революциядан кийин, октябрь айында кайрадан мекениме кайттым.

“Мекенчилдик сезим”

-Алгач Орусияга кеткенде экинчи кайтып келбейм деген максатта жашоо шарт түзүп алган элем. Бирок, мекенчилдик сезим артыкчылык кылды. Кайда жүрбө, эмне кылба, кандай гана бийиктиктерге жетишпе өз мекениңе болгон кусалык, эңсөө баардык нерседен артык экен. Мекенге кайтып, мекеним үчүн кызмат кылам деген чоң максат менен өз жериме келдим. Акыркы 6-7 жыл ичинде бизге, жеке ишкерлердин ишин алып баруусуна мамлекет тарабынан жакшы шарттар түзүлүп берилди деп айта алам. Себеби, биз өзүбүздү өзүбүз каржылоого жетиштик. Баардык нерсе акырындык менен ийгиликке жетип келе жатат. Бул чоң жетишкендик. Буюрса ушундай харизма, аракет менен иш кыла берсек коомго пайдасы тийген көп иштерди аткара алабыз.

“Үй-бүлөм менин бактым”

-Учурда үч баланын атасымын. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келе жаткан жубайым бар. Ишимдин, сыртка чыгууларымдын көптүгүнөн үй-бүлөмө толук кандуу убакыт бөлө албай калам. Мындай учурларда жубайым ишиме түшүнүү менен мамиле жасап, балдарыма татыктуу тарбия берип келе жатат. Чарчап келгенде балдарымды кучактап, жыттап, үй-бүлөмдүн курчоосунда болгондо кадимкидей эс алам. Чарчоом таркайт. Балдарымдын чоңоюп келе жатканын көрүп өзүмчө көп кыялдарга батам. Кыргызстандын келечегине жараган татыктуу инсандардан болсо экен деп Кудайдан тилейм.

“Келечек жаштардыкы”

-Бүгүнкү күндө, өнүгүү заманында алдыга умтулган жаштарыбыз көп. Бул нерсе абдан кубандырат. Анткен менен керектүү энергияны өзүнө инвестициялабай кереги жок нерселерге сарпатаган жаштарыбыз дагы аз эмес. Келечекте татыктуу инсан болом деген жаштар өзүн-өзү билим алуу, изденүү, убакытты туура пайдалануу менен камсыздоосу керек. Ошондо гана көп ийгиликтерге жетише алышат. Келечек жаштардыкы деп бекеринен айтылбаган. Жаштар мамлекеттин келечегин татыктуу өткөрүп алып алардан кийинки муунга татыктуу өткөрүп бериши шарт.

“Кыргыз пейили”

-Биз кыргыз эли өтө уникалдуу элбиз. Биздин маданият, каада-салт, үрп-адаттарыбыз, адабиятыбыз, салттуу музыкабыз, музыкалык аспаптарыбыз, жашоо шартыбыз, мейман достугубуз табылгыс баалуулук. Кылымдар бою улуу эл болуп келгендигине кыргыздын пейили себеп деп ойлойм. Эч бир улутка салыштыргыс, эч бир байлыкка алмаштыргыс бул пейил бир гана кыргызга таандык экенине сүйүнөм. Бирок тилекке каршы учурдагы ааламдашуу доорунда ушул пейилибизди жоготуп, унуткарып бара жаткандайбыз. Бул нерсе кыргыздын жашоо шартында кандайдыр бир парадокс жаратууда. Бул жаман нерсе. Себеби, кыргыз чыныгы өзүнө гана таандык пейилисиз, баалуулуктарысыз кыргыз болбой калат. Биз ошол айтылган нерсе менен бүгүнкү күнгө чейин улуу улут болуп сакталып келдик. Бул пейил менен биздин келечегибиз дагы байланыш. Андыктан улуу нерселерге умтулалы деп айтаар элем.

“Айымдардын бакыты биринчи орунда”

-Кайрымдуулук иштер менен алектенип, ошол адамдардын анын ичинде айымдардын бактылуу болгон көздөрүнө, кубанычына күбө болуу бул айтып бере алгыс сезимдер. Кайрымдуулук ишимде мен айымдарга жардам берүүгө басым кылам. Себеби, жогоруда айтылгандай кичинебизден энебиз бизге көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп шарт түзүп, тарбия бергенинде. Бүгүнкү күндө жардамга муктаж айымдар көп. Айымдар мырзалардан табиятынан назиктиги, улуулугу менен айрмаланып келет. “Бейиш эненин таман алдында” деген сөз дагы бекер айтылбаган чыгаар. Аял-бул сенин карындашың, эжең, кызы, жубайың. Ар бир аял эне. Биз айымдарга татыктуу мамиле кылып, сыйлап жүрүшүбүз керек. Жашоо шартка, тагдырдын сыноосуна байланыштуу баардык жактан телегейи тегиз адамдар аз. Ар бир айым бактылуу болуп, жан дүйнөсүнө тынчтык тартуулай турган муктаждыктар чечилип калуусуна татыктуу. Ошол себептен мен айымдарды бактылуу көргүм келип алардын ошол муктаждыктарын чечип берүүгө көп аракетимди жумшайм. Ушундан улам кароого муктаж, ата-энеси баш тартып кеткен же болбосо жетим калган наристе кыздар үчүн атайы интернат салгам. Учурда 37 кызым бар. Эң улуусу 4 жашта эң кичүүсү 2 жашта. Ал наристелерге 16 айым тарбия берип, аталган мекемеде эмгектенип жатышат. Наристелер камсыз болуусу үчүн баардык шарттарды түздүк. Ошондой эле мамлекетибиздин айрым аймактарына жүз орундуу 4 бала бакча, 13 спорт мектептерин курдук.

“Бир окуя”

-Бир айылга иштер менен барып калдым. Мектептин жанынан бир окуучу кир чүпүрөктү агып жаткан сууга жууп алып кайра мектепке кирип кетти. Бул көрүнүш мага башкача таасир этти. Себеби, ал айылда таза суу жок болгондуктан, ошол арыктагы суу менен жалпы айыл камсыздалганын укчумун. Суу кир болсо ар кандай илдеттер дагы жабышаары анык. Андыктан, бул айылдын көйгөйүн чечип берүүнү мойнума алып, айылдагы ар бир үйгө, ошондой эле мектебине эки таза суу чыкчу колонкаларды орнотуп бердик. Татыктуу иштер менен элдин алкоосуна, батасына татысак мындан өткөн бактылуулук болбосо керек деген ойдомун.

“Достук мамиле жана тарбия”

-Адамдык баалуулук көп мамиледен билинет, такталат, такшалат. Мен достук мамилеге өтө терең маани берем. Бул мамиле жогоруда аталган пейилдин кеңдиги, түздүгү жана татыктуулугу менен аныкталат. Тилекке каршы кээ бир инсандар достукту эсептешет, салыштырышат, сатышат, тебелешет. Мен бул жөн гана пайдалануу деп ойлойм. Бизди энебиз бир гана достукка бекем бол деп эмес, “кандай гана кырдаал болбосун, кандай гана мамиле болбосун татыктуулардан болгула!” деп тарбия берген. Мен дагы өзүмдүн балдарымды, жакын адамдарымды татыктуу инсан болуусуна салым кошкум келип болгон аракетимди жумшайм. Адамдарга жакшы мамиле кылуудан эч качпаш керек. Ал уят иш эмес ал мактанаарлык, татыктуу иш болуп эсептелинет. Бул дүйнөгө жаралган инсан жөн гана жаралып калбайт. Ар биринин инсан катары коомдо аткара турган иши болот. Ошол иштерди татыктуу аткаруу, элден бата алуу, ыраазычылыкка арзуу бул бир гана инсандык жетишкендик эмес, мекенчил инсан катары жан дүйнөнүн тынчтыгы.

“Жакшылыктан пейилибиз кең болсун” -Жыл жаңырып, тогошуп Жаңы жыл кирип келди. Албетте өткөн тоок жылы кыргыз мамлекети үчүн жакшы болду. Татыктуу инсанды өлкө башчысы кылып тандап алдык. Жаңы ажобуз мамлекетибиздин өнүгүшүнө чоң жол түзөт деп ишенем. Элибизде тынчтык өкүм сүрүп, көп ийгиликтерге жетишели! Кыргыз эли бар жана бир бололу!

“Элита Plus” 2018-жыл, январь.