Саясат
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, Премьер-министрдин кеңешчиси: “Чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап кетчү күнгө келдик”
Элита плюс
Февраль 26, 2021 г.
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, Премьер-министрдин кеңешчиси:   “Чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап кетчү күнгө келдик”
© Элита плюс
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, Премьер-министрдин кеңешчиси:   “Чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап кетчү күнгө келдик”
© Элита плюс
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, Премьер-министрдин кеңешчиси:   “Чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап кетчү күнгө келдик”
© Элита плюс

 

Учурда саясатты да, илимди да бир алып келе жаткан инсандар аз. Алардын бири профессор Каныбек Осмоналиев. Жакында ал КР Өкмөт башчысынын кеңешчиси болуп дайындалды. Андыктан, агайды кепке тартып баарлаштык.

- Каныбек Осмоналиевич, айтсаңыз, кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө эмнелер жол ачат?

- Абдан сонун суроо. Мен VI-VII кылымдагы Кыргыз каганаты жөнүндө айтпай эле коёюн. Кыргыздын 2500 жылдык расмий тарыхына кайрылсам, мына ушул XX кылымдан ашык убакытта кыргыз эли жоголуп кетпей, бир ууч болуп, азайса да, көбүрүп жабырып көбөйсө дагы улут катары сакталып келатат. Анткени улуттун өзүнүн жашоосун, философиясын түптөй турган идеологиясы бар. Кыргыз байыртан намыс үчүн кандай кырдаал болбосун, баш тарткан эмес. Тукум курут кылабыз деген душмандарга туруштук берип Алтайдан, Эне-Сайдан Ала-Тоого чейин келип кыргыздуулугун сактаган. Карыны сыйлап, кичүүнү ызааттап, улутту сактоого келгенде жоого бирдей аттанышкан. Кыргыздын өзүнө таандык демократиясы, руху-духу болгон. Албетте, бай-кедей деп шарттуу түрдө бөлүнүп, ар бир колоттун башчысы, ханы болгону менен ынтымакта табият менен органикалык түрдө жашай билген. Малын, жайыттарын сактап, сууну кастарлап, булактын көзүн ачып, ушул сыяктууларды ыйык туткан. Кыргыз эли күчтүү дипломат болгондуктан коңшулар менен тынч жашоого далалаттанышкан. Эгер алардын жаман ою болсо, катылгандын катыгын беришкен. Бүгүнкү күндө ушул ыйык улуу салтыбыздын, философиябыздын кичинекей эле саркындысы, бөлүктөрү калган сыяктуу. Андыктан баарын бириктирип, чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап кетчү күнгө келдик. Бул “Манас” эпосунда да айтылган.

- “Кыргыздар улуу элбиз! Ушул улуулук касиетибизди көр пенделикке азгырып жибердик. Эми кайра жаралуу доорун баштайлы” деген пикирдесиз? Канткенде кайра жаралуу доорун баштай алабыз?

- Кыргыздын касиети башка элдер сыяктуу эч убакта дүйнө жыйнап, шаар куруп, ал шаарды коргоп, анын ичиндеги жансыз алтын-күмүшкө азгырылган эмес. Ашынган байлары болгондур, бирок алар өзүмчүл эмес, кедей-кембагалдар менен бөлүшүп турган. Себеби көчмөн болушкан. Кыргыздын максаты - улутту сактоо жана айкөл болууга умтулган. Кыргыз эч убакта радикалдуу динчил болгон эмес. Көкө Теңирге сыйынган доордо деле кийинки Ислам доорунда деле жата калып, жөрмөлөп анын баалуулуктарына моюн сунбаган. Болбосо Араб цивилизациясы исламды таңуулап, өздөрүнүн каада-салтын таңуулаганда да каршылык көрсөтүшкөн. Кыргыз эли кеч болсо да исламды кабыл алган. Бирок каада-салтын кабыл алган эмес. Мисалы, чоң атам Абдрайым абдан такыба, таза киши болчу. Мечити жок эле жайлоодо намаз окучу. Бирок ошол исламдагы намаз окуу, садака берүү, орозо кармоо, баланы адалдатуу деген кыргыздын каада-салтына байланыштуу баалуулуктарды колдонгон. Азыр эмне болуп жатышат? Теңирчилер, исламчылар деп эле кырылып атышат. Кылымдык каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды сактай албай, айрыкча арабдардын улуттук салтына кийимдерибизден өйдө айырбаштап жибергенибиздин кесепети тийүүдө. Кайра жаралуу доорун баштасак, жогорудагы маселелер камтылат. Буйруса, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү колубуздан келет. Экономикабыздын көтөрүлүшү элибиздин биримдигинде жана ынтымагында. Тилекке каршы, 30 жылда коррупцияга малынып, чыланып алганыбыздын кесепетинен ушул абалда турабыз. Эгерде кайра жаралуу доорун баштагыбыз келсе, алгач ким болгонбуз, азыр кимбиз, ким болуп баратабыз деп өз тарыхыбызды эстейли. Кайра жаралуунун негизги принциптери ушулар. Таланттуу, түшүнүгү бийик, эс тутумдуу элбиз. Башка улуттардан айырмаланып, кыргыз уулу же кызы Кытайга, Японияга, Европага, кайсы өлкөгө барбасын, 1 жылда ал жердин тилин эркин сүйлөп калат. Ниетибизди тууралап, напсибизди тыйып, барга каниет кылып, жаштар илим-билимге умтулса, карыялар улуттук идеологияны түзсөк эле кайра жаралуу доору ушул. Уурулукту токтотсок, экономикабыз өзүнөн-өзү өнүгөт. Бажы, салык, Кудай бизге энчилеген тоо кен жана башка толгон-токой ресурстарыбызды каниеттүүлүк, чынчылдык менен казынага түшүрсөк, кедей-кембагалдын айырмасын жойсок, түпкү улуттук идеологияны кайрып келсек, мына ушул кайра жаралуу доорунун башталганы. Учурда 30дан 50 жашка чейинкилер баарын түшүндү. Сугалактар биздин муун болду. Аны да түшүнсө болот. Себеби СССР убагында капаста жүргөндөй болуп, Союз тараганда чет өлкөлөрдүн чабуулу, бул керек болсо диверсия болду. Союз убагында кулдук мүнөз калыптанып, андан чыкпай калган. Динде да байлыкты жыйып алуу орун алган. Мына кечеги эле муфтияттын иши мисал. Бүт дүйнөгө шерменде болдук. Андыктан кайра жаралуу биз каалайбызбы, каалабайбызбы, кыргыз элине келет. Ал мезгил жакындады. Буга көзүм жетип турат.

- Учурда КР Өкмөт башчысы Улукбек Мариповдун кеңешчисисиз. Кеңешчи деген бизде формалдуу эле түшүнүк болуп калды. Дегеле жаш жетекчилер сиздей тажрыйбасы мол инсандын кеңешин угат бекен?

- Былтыр 2-мартта “Садыр Жапаровго амнистия жарыялап, ырайым кылып койгула” деп митингге чыкканбыз. Ал үчүн камалып да чыктым. Андагы бийлик бизди укпай ойду-тоону сүйлөп туруп алды. Кийин 4-октябрдагы акыйкатсыз шайлоо элге жакпай, анын кесепетинен бийлик өзгөрдү. Жаңы бийликке кеңешчи катары топук кылып, оюмда эч нерсе жок болчу. Кандайдыр бир мамлекеттик кызматты берсе деле баш тартмак эмесмин. Анткени баарын көрүп турам. Учурда жаштар менен карылардын органикалык байланышкан тандеми болуш керек. Конфуцийдин: “Эгер мамлекет жалаң жаштардан турса, анда комедия, жалаң карылардан турса - ал трагедия. Ал эми экөөн аралаштырса - гармония”, - деп айтканы бар. Андыктан кадр тандоодо кары-жашты аралаштыруу абзел. Мен Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен Конституциялык кеңешменин мүчөсү болдум. Анда элге, мамлекетке керектүү бир топ маселелерди талкуулап, сунуштадык. Таза, тынч президенттик шайлоо, референдум өттү. Эл чын жүрөгүнөн Садыр Жапаровду тандап алды. Жаңы өкмөт түзүлгөндө Президент менен Өкмөт башчынын биргелешкен сунушу мага сунушталды. Башында ойлонуп, анан макул болдум. Себеби сиз айткандай, кеңешчи деген формалдуу эле болуп жумушка деле келбей телефондон гана кеңеш берчү. Мени болсо штаттагы кеңешчи кылышты. Улукбек Асамидинович аймактан чыккан, Ноокатта төрөлүп, Ошто окуп, тепкичтен-тепкичке көтөрүлүп келген 42 жаштагы креативдүү жаштардын бири. Экөөбүз эртең менен 8де жолугуп, кээде түнкү саат 9-10го чейин иштеп калабыз. Өз вазыйпамды татыктуу аткарсам деп жаңы бийликтин структурасын түптөө үчүн акыл-насаат, тажрыйбамды бөлүшүп чыныгы кеңешчи болууга умтулуудамын. Буйруса, 11-апрелде референдум болот. Жаңы Конституцияда идеологиянын маанисин катуу жаздык. Структураларды өзгөртүүдө өзүм жакшы түшүнгөн илим, билим, инновация тармагы боюнча кеңештеримди бердим. Угуп, токтомдорду чыгарып жатат. Мен сунуштадым, ал кош колдоп колдоду. Акыркы жылы физика, математика, химия сабактарына көңүл бурбай, мектептерде сабактар кыскарып астрономия менен физиканы бириктирип коюшуптур. Бул туура эмес. Азыр технологиянын заманы, муну сактап калбасак, анда 10 жылдан кийин техника дегенди унутабыз. Башканы айтпай эле коёюн, керек болсо Өзбекстанга көз каранды боло баштайбыз. Бирөөгө малай болбой, өндүрүштө иштешибиз керек да. Учурда Өзбекстанда коомдук сабактарга караганда техникалык сабактарды көбөйтүп жатышат. Андыктан кечиктирилгис токтомдорду карап жатам. Билим берүү системасын өзгөртүшүбүз керек. Ансыз да пандемия шартында балдар мектепке көңүлсүз болуп калышты. Ошондой эле интеллектуалдык менчик боюнча да көптөгөн ой-пландарым бар.

- Бир жерден, бир элден экениңизге карабай убагында мурунку президент Сооронбай Жээнбековго ачуу сындарды айткансыз? Бүгүнкү күндө да азыркы бийликке ар кандай сындар айтылууда. Бул сындардын чындыгы бар деп ойлойсузбу?

- Суроонун аягынан баштайын. Кадр маселеси боюнча айтылган айрым сындардын чындыгы бар. Кайсы мамлекет болбосун, анын тагдырын, өсүп-өнүүсүн кадрлар чечет. Жердешчиликке, туугандыкка, улутуна, жынысына карабаш керек. Кыргызстан кичинекей мамлекетпиз. Бири-бирибизди тааныйбыз. Сураштырсак тууганбыз. Андыктан кадр тандоодо жердешчилик, тууганчылыкка карабай накта профессионалдарды тандоо шарт. КР Президенти Садыр Жапаровдун да максаты ушул. Атамбаевдин, Жээнбековдун чоң көйгөйү кадр саясаты болгон. Экөө тең жакшы кадрлардын убалына калышты. Атамбаевдин режиминде депутат болуп жүрүп катуу айтчумун. Ал айдоочусунан тарта катчысына чейин министрлик орундарга отургузуп, экономиканы колдоруна салып берип койгон. Кийин анын жолун Жээнбеков тырмакчага алуу менен ийгиликтүү улантып, коррупциянын жасалма оюнун ойноп турганда жердеш экенине карабай ачыгын айтууга туура келген. Учурдагы УКМКнын, Финполдун козгогон кылмыш иштеринин баары ушул эки президентке такалат. Биз уруу-уруу, жердеш болуп бөлүнө берсек, улуттук баалуулуктарды сактай албайбыз. Улуттук көз карашыбыз менен күрөшүүбүз кажет.

- Үлгүлүү эл агартуучудан карапайым калкка калыс сөз...

- Эл бийликти мыкчып олтурган адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө сөз кыла баштады. Бул абдан туура. Мурда Президент, Өкмөт башчы, парламент деле жоопкерчиликти алчу эмес. Ушундай жоопкерчиликсиздиктин айынан жаштар мигрант болуп көрбөгөндү көрүп келип жатат. Жаңы Конституцияны бир добуштан колдоп алсак Президент өзү керт башы менен жооп берген режимде жашайбыз. Учурда бардык жоопкерчиликти Садыр Нургожоевич: “Мойнума алып жооп берем”, - деп жатат. Бул азап, эмгек, чоң эрдик, эбегейсиз ишеним. Андыктан элдин тилек, үмүтү менен кызматка келген Президентти колдоп, жол көрсөтүп, одоно кетсе сындап, ынтымакта, биримдикте өлкөнүн тагдыры үчүн ар бир инсан салым кошсо дейм. Жаштар ыйманга, илим-билимге, интеллектуалдык иштерге басым жасаса деген тилектемин. Өлкөбүздө тынчтык болуп, экономикабыз өсүп, карыларыбыз нарктуу, жаштарыбыз ыймандуу болсо, баары жакшы нукка түшөт.

Булак: Эркин Тоо гезити

Маектешкен Жазгүл Карбосова