Ийгилик сыры
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, Өкмөт башчынын кеңешчиси: “Султан Ибраимовичтин “илимге бар” дегени кулагыма жаңырып турат”
Элита плюс
Март 28, 2021 г.
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, Өкмөт башчынын кеңешчиси: “Султан Ибраимовичтин “илимге бар” дегени кулагыма жаңырып турат”
© Элита плюс
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, Өкмөт башчынын кеңешчиси: “Султан Ибраимовичтин “илимге бар” дегени кулагыма жаңырып турат”
© Элита плюс
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, Өкмөт башчынын кеңешчиси: “Султан Ибраимовичтин “илимге бар” дегени кулагыма жаңырып турат”
© Элита плюс
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, Өкмөт башчынын кеңешчиси: “Султан Ибраимовичтин “илимге бар” дегени кулагыма жаңырып турат”
© Элита плюс

Ар бир саясатчынын эмгегинин баасын элдин тараза ташы аныктайт. Учурда саясатты да, илимди да бир алып келе жаткан инсандар аз. Алардын бири - профессор Каныбек Осмоналиев. Жакында эле бул инсан КРнын Өкмөт башчысынын кеңешчиси болуп дайындалды. Андыктан агай менен тээ артта калган балалык баёо күндөрүнө сапар алып, бала чагы, тарбия берген ата-энеси жана учурдагы кырдаалдар туурасында кызыктуу маектештик.

Ата-энем - менин асылым

  • Мен 1956-жылы 21-январда Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулгам. СССР кезинде Лениндин аброю өтө күчтүү эле. “Ленин ата” деп чоңойгонбуз. 21-январь Лениндин өлгөн күнү болгондуктан мектепте Ленинди эстеп трагедия болуп жатканда менин туулган күнүм болуп өзүмдү абдан ыңгайсыз сезчүмүн. Атам Осмоналы 1939-жылы аскерге кетип, андан ары согушка аттанган экен. Ротасы менен Берлинди алганга чейин катышып, 1945-жылы жеңишке жеткенден кийин эмгектери бааланып, медалдарын алып 1946-жылы аман-эсен мекенине кайтып келген. Атамды накта согуштун катышуучусу деп сыймыктанам. Ал эми апам Алайкуунун кызы болгон. Колунан көөрү төгүлгөн уз, дымактуу киши эле. Үйдү гүлдөтүп, гүл эле эге берчү. Биздин ата-энебиз беш уул, бир кыздын ата-энеси болушту. Мен ортончусумун. Мага Каныбек деген атты апам ыйгарыптыр. Анда Жантөшевдин “Каныбек” романы жаңы чыгып, Каныбек улуттук баатыр болуп дүңгүрөп турган экен.

Өмүр көчү балалыктан башталат

  • Башталгыч классты Гүлчөдө окуганыма кубанам. Анда Гүлчө үч улуттун райондук борбору болчу. Кыргыз, орус, өзбектер теңдеш жашап, үч тилдүү үч мектеп бар эле. Үчөө бири-бирине атаандашып ал мектептердин арасында билим, спорт жаатында катуу таймаштар болчу. Мен 1-классымдан эле математикага ыктап, математиканы сүйдүм. 2-классымда 3-класстарга жогору жактан текшерүү келип Күңкү Сарыбаева эжем: “Каныбек, жүр, сен да математикадан текшерүү ишин жазасың”, - деп ээрчитип барып 3-класстарга кошуп койду. Кийин ойлосом, жакшы окуган 2-класстын балдарын аралаштырышкан экен. Ошондо 2-класс болсом да 3-класстардын арасынан 1-орунду алгам. Күңкү эжем абдан мактанып, сыймыктанып мага: “Сен мыкты математик болосуң”, - дегени эсимде. Математика менен уктап, математика менен ойгончумун. Эсеп чыгарып эс алчумун. Үй тапшырманы чыгара албай калсам ыйлап атамды кыйнаган адатым бар болчу. Атам ДЭУнун башкы бухгалтери, күчтүү математик Абыдын Шакиров деген байкенин үйүнө ээрчитип барып чыгара албаган эсебимди чыгартып жардам бердирчү. Абыдын агай: “Осмоналы аке, балаңызды жакшы окутуңуз. Маселеси чыкпай калып ыйлаган бала аз болот. Бул эсепти мен араң чыгардым. Уулуңуз эсептин артынан көгөрүп жүрсө, бул баладан бир нерсе чыгат”, - дечү. 1967-жылы Кара-Кулжага көчүп келип мени интернатка беришти. Жатак мектепте шарт жакшы болгондуктан математикага андан да кызыгуум күчөдү. Текшерүү ишин жазганда эсепти классташтарымдан мурун чыгарып досторума шпаргалка ыргытчумун. Мугалимдер бул аракетимди байкап калып мени эсеп чыгарып бүтөрүм менен класстан чыгарып жиберишчү.

“Көрө албаган окуучулар мага “профессор” деген кличка коюшкан

- 4-классымда ыр жаза коюп акын деген атка конгом. Балалык кыял менен “Кылычбектин эрдиги” деген ыр менен чыгарма жазгам. Бирок математика өзүнө тартып жазуучулуктан алыстатты. Кийин физика сабагы башталды. Математиканын элементтерин билсең, физиканы оңой өздөштүрөсүң, андыктан кыйналбастан физикага өттүм. Маман Айылчиев деген физик агайым 6-класстан баштап сабак берип, сабактан кийин үйүнө алып кетип окутчу. Анын эмгегин эч унутпайм. Жатак мектепте алдыңкы окуучулардан болдум. Ошондо көрө албаган кээ бир окуучулар “профессор” деген кличка коюп “эй профессор, сага көрсөтөбүз, мушташасыңбы?” дей беришчү. Чычалап мушташчу эмесмин. Он үч жашымда өзүм жалгыз 27 миң кирпич куюп атамдын батасын алгам. Агаларым армияга кетип, калыпты сүйрөп алып чийки кирпич куюп, 4 айда тоонун бооруна келиштире үй салганбыз. Ошондо ылайдан көңүлүм калган окшойт, кийин там салган жокмун.

“Айылдагы мектепте 54 саат менен эртеден кечке сабак берчүмүн”

  • Мен ЖОЖго тапшырар жылы атамдын сөөгүндө калган октун калдыктары сол колун чиритип атам ооруй баштады. Колун кестирип дарылатканга азыркыдай күчтүү медицина жок эле. Баарыбыз жашпыз, мен Фрунзеге келе албай Оштогу пединститутка оңой эле өтүп кеттим. Болбосо Фрунзедеги КУУга деле өткөнгө мүмкүнчүлүгүм бар эле. 2-курстан баштап илимге умтулдум. Фрунзеге илимий семинарларга келчүбүз. Ошондо эле мени аспирантурага алып калуу саясаты болуптур. Ал кезде Султан Ибраимов Ош обкомдо 1-катчы болчу. Биз 2-курста окуп жатканда мыкты студенттерге ал киши өзү акчалай сыйлык, диплом тапшырды. Боюм кичинекей сары бала элем. Математика, физика боюнча сыйлык алчу төрт кыз, анан менмин. Алгач төрт кызга тапшырып, андан кийин менден жерлигимди сурады, жооп бердим. Султан Ибраимович: “Кара-Кулжа - тоолуу район, алар абдан аракетчил келишет. Сен жакшы окуйт экенсиң. Келечекте окумуштуу бол, илимге бар”, - деди. Ушул сөз азыр да кулагыма жаңырып турат. Эгер ал адам минтип айтпаганда, мектепте мугалим болуп эле калмак окшойм. Бул сөз мени абдан чыйралткан. Тилекке каршы, мен ЖОЖду кызыл диплом менен аяктаган жылы атам каза болуп Кара-Кулжага барып иштөөгө туура келди. Айылдагы мектепте 54 саат менен эртеден кечке сабак берип эмгектендим.

“Үй-бүлө - кичи мекен”

- Жубайым экөөбүз китепкананын окуу залынан таанышканбыз. Ал да физик эле. Менден эки курс кийин окуган. Эки жыл сүйлөшүп жүрүп мен окууну бүткөндө баш кошконбуз. Мен иштеп, ал окуп жатты. Анда мугалимдердин айлыгы жакшы болчу. Доценттер 180 рубль алса, мен 54 саат сабак берип 200 рубль айлык алчумун. Алгачкы айлыгыма апама "Садко" деген телевизор, май, чай, ун алып бергем. Ал кезде телевизор бардык эле үйдө боло берчү эмес. Кийин институттагы Ферран Заитов деген агайым лаборант кылып алды. Ошондо 200 рубль айлыкты таштап илимге умтулуш үчүн 90 рубль айлыкка лаборант болуп иштедим. Себеби илимди ылдыйкы баскычтардан башташ керек болду. Илимий иш жактоо үчүн иштеп, аспирантурада окуп эки уулум, жубайым болуп Эстонияда 7-8 жыл жашадык. Эстониядан илимдин кандидаты болуп келип Ош пединститутунда мугалим, кафедра башчысы, декандын орун басары, декан болдум. Бишкекке келгенде ректор, министрдин орун басары, Билим берүү министри, Жогорку Кеңештин депутаты болуп мамлекеттик кызматтарды аркаладым. Азыркы жубайым Чынаранын кесиби - юрист. Аны менен ооруп жүрүп ооруканадан таанышкам. Кудайга шүгүр, балдарыбыз бар. Үйдө либералдуумун. Өмүрүмдө балдарды урушкан жокмун. Мени да атам ушинтип тарбиялаган. Атамдын көзүнө тике карачу эмесмин. Азыр балдарым да менден айбыгып турушат. Башталгыч класстарында сабактарын катуу текшерип, жардам берчүмүн. Учурда баары өздөрү менен өздөрү, үйлүү-жайлуу. Кудайга ыраазымын.

“Бийликке келгенде элге кызмат кылыш керек”

- Былтыр 2-мартта “Садыр Жапаровго амнистия жарыялап, ырайым кылып койгула” деп митингге чыкканбыз. Ал үчүн камалып да чыктым. Андагы бийлик бизди укпай ойду-тоону сүйлөп туруп алды. Кийин 4-октябрдагы акыйкатсыз шайлоо элге жакпай, анын  кесепетинен бийлик өзгөрдү. Жаңы бийликке кеңешчи катары топук кылып, оюмда эч нерсе жок болчу. Кандайдыр бир мамлекеттик кызматты берсе деле баш тартмак эмесмин. Анткени баарын көрүп турам. Учурда жаштар менен карылардын органикалык байланышкан тандеми болуш керек. Конфуцийдин: “Эгер мамлекеттик кызмат жалаң жаштардан турса - анда комедия, жалаң карылардан турса - ал трагедия. Ал эми экөөн аралаштырса - гармония”, - деп айтканы бар. Андыктан кадр тандоодо кары-жашты аралаштыруу абзел. Мен Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен Конституциялык кеңешменин мүчөсү болдум. Анда элге, мамлекетке керектүү бир топ маселелерди талкуулап, сунуштадык. Таза, тынч президенттик шайлоо, референдум өттү. Эл чын жүрөгүнөн Садыр Жапаровду тандап алды. Жаңы өкмөт түзүлгөндө президент менен өкмөт башчынын биргелешкен сунушу мага сунушталды. Башында ойлонуп, анан макул болдум. Себеби мурда кеңешчи деген формалдуу эле көрүнүш болуп, алар жумушка деле келбей, телефондон гана кеңеш берчү. Мени болсо штаттагы кеңешчи кылышты. Улукбек Асамидинович аймактан чыккан, Ноокатта төрөлүп, Ошто окуп, тепкичтен-тепкичке көтөрүлүп келген 42 жаштагы креативдүү жаштардын бири. Экөөбүз эртең менен 8де жолугуп, кээде түнкү саат 9-10го чейин иштеп калабыз. Өз вазыйпамды татыктуу аткарсам деп жаңы бийликтин структурасын түптөө үчүн акыл-насаат, тажрыйбамды бөлүшүп чыныгы кеңешчи болууга умтулуудамын. Буйруса, 11-апрелде референдум болот. Жаңы Конституцияда идеологиянын маанисин катуу жаздык. Структураларды өзгөртүүдө өзүм жакшы түшүнгөн илим, билим, инновация, дин жана жалпы эле идеология  тармактары боюнча кеңештеримди бердим. Угуп, токтомдорду чыгарып жатат. Мен сунуштадым, ал кош колдоп колдоду. Акыркы жылы физика, математика, химия сабактарына көңүл бурбай, мектептерде сабактар кыскарып астрономия менен физиканы бириктирип коюшуптур. Бул туура эмес. Азыр технологиянын заманы, муну сактап калбасак, анда 10 жылдан кийин техника дегенди унутабыз. Башканы айтпай эле коёюн, керек болсо Өзбекстанга көз каранды боло баштайбыз. Бирөөгө малай болбой, өндүрүштө иштешибиз керек да. Учурда Өзбекстанда коомдук сабактарга караганда техникалык сабактарды көбөйтүп  жатышат. Андыктан кечиктирилгис токтомдорду карап жатам. Билим берүү системасын өзгөртүшүбүз керек. Ансыз да пандемия шартында балдар мектепке көңүлсүз болуп калышты. Ошондой эле интеллектуалдык менчик боюнча да көптөгөн ой-пландарым бар. Байлык, бийлик өтөт, кетет. Андыктан бийликке келгенде элге кызмат кылыш керек. Дин маселеси абдан опурталдуу болуп бара жатат. Биз кыргыз коомуна чыныгы ислам интеллигенциясын түптөөбүз зарыл.

“Садыр Нургожоевичтин жоопкерчиликти алганы чоң эрдик”

- Мурда президент, өкмөт башчы, парламент деле жоопкерчиликти алчу эмес. Ушундай жоопкерчиликсиздиктин айынан жаштар мигрант болуп көрбөгөндү көрүп келип жатат. Жаңы Конституцияны бир добуштан колдоп алсак президент өзү керт башы менен жооп берген режимде жашайбыз. Учурда бардык жоопкерчиликти КРнын президенти Жапаров Садыр Нургожоевич: “Мойнума алып жооп берем”, - деп жатат. Бул азап, эмгек, чоң эрдик, эбегейсиз ишеним. Андыктан элдин тилек, үмүтү менен кызматка келген президентти колдоп, жол көрсөтүп, одоно кетсе сындап, ынтымакта, биримдикте өлкөнүн тагдыры үчүн ар бир инсан салым кошсо дейм. Жаштар ыйманга, илим-билимге, интеллектуалдык иштерге басым жасаса деген тилектемин. Өлкөбүздө тынчтык болуп, экономикабыз өсүп, карыларыбыз нарктуу, жаштарыбыз ыймандуу болсо, баары жакшы нукка түшөт.

Жазгүл КАРБОСОВА