Ийгилик сыры
Каныбек ОКИШОВ, кондитер: «Кондитердик кесипти, башка кесип менен алмаштырбайм»
Элита плюс
Декабрь 07, 2020 г.
Каныбек ОКИШОВ, кондитер:  «Кондитердик кесипти, башка кесип менен алмаштырбайм»
© Элита плюс
Каныбек ОКИШОВ, кондитер:  «Кондитердик кесипти, башка кесип менен алмаштырбайм»
© Элита плюс
Каныбек ОКИШОВ, кондитер:  «Кондитердик кесипти, башка кесип менен алмаштырбайм»
© Элита плюс
Каныбек ОКИШОВ, кондитер:  «Кондитердик кесипти, башка кесип менен алмаштырбайм»
© Элита плюс
Каныбек ОКИШОВ, кондитер:  «Кондитердик кесипти, башка кесип менен алмаштырбайм»
© Элита плюс
Каныбек ОКИШОВ, кондитер:  «Кондитердик кесипти, башка кесип менен алмаштырбайм»
© Элита плюс
Каныбек ОКИШОВ, кондитер:  «Кондитердик кесипти, башка кесип менен алмаштырбайм»
© Элита плюс
Каныбек ОКИШОВ, кондитер:  «Кондитердик кесипти, башка кесип менен алмаштырбайм»
© Элита плюс
Каныбек ОКИШОВ, кондитер:  «Кондитердик кесипти, башка кесип менен алмаштырбайм»
© Элита плюс

Кыргыздар илгертеден эле меймандостугу менен өзгөчөлөнөт. Келген конокко дасторкон жайып же конокко жөнөгөндө куру кол барышпайт. Ал учурда дароо таттуу, токочтор менен торттор эсиңизге түшөт. Эгер сиз даамдуу, таттуу торттордун түрүн тез арада кайдан сатып алам десеңиз, анда өтө таланттуу кондитер Каныбек мырзага кайрылсаңыз болот. Ал бул тармакта 18 жылдан бери эмгектенет. Токтогул районунун Сары-Камыш айылында туулган. Учурда келинчеги Элмира экөө 4 кыз, 1 уулдун татыктуу ата-энеси.

Кокустан тандалган кесип

Кондитердик кесипке кокусунан келип калгам. Себеби 2001-жылы орто мектепти аяктап, дароо Орусия мамлекетине эл катары жумуш издеп кеттим. 1 жылдай ар кандай иштерде иштеп, кийин кондитердик фабрикага жардамчылык кызматка орноштум. Туура бир жарым айдан кийин жетекчилик чакырып: «Сен абдан тез убакытта өздөштүрдүң, иштегениң дагы жакты», - деп айлык маянамды көтөрүп, бир аз убакыттан соң ал фирманын бир бөлүгүнө башкы кондитер кылып дайындашты. Ошондон кийин бул кесипти колдон чыгарбай карап калууга болгон аракетимди көрүп, ар кандай окуу курстарына барып изденүүнүн үстүндөмүн. Орус кесиптештеримден алган тажрыйбам жетиштүү болгон соң өз мекениме келип таттууларды элге жайылтууга бел байладым. Кыргызстанга келип кекстин көптөгөн түрүн жасап, дүкөн, базарларга таратып, аны менен бирге тортко дагы буйрутма алып баштадым. Кыргызстанда социалдык тармактар жакшы өнүгө элек кезде деле көп кардарларым бар болчу. Кийин Инстаграм социалдык тармагынан torty_bishkek_kg деген баракчамды ачып, интернет аркылуу буйрутмалардын санын көбөйтө алдым.

Адал эмгек абийир таптырат

Кыш мезгилинде иш абдан катуу күчүнө кирет. Себеби эң чоң майрамдардын көпчүлүгү ушул айларга дал келген. Жакшылык, тойлор, Жаңы жыл, 23-февраль, 14-февраль ж.б. «Ар бир кесип ардактуу» дегендей, эгер кесибиңди жан дүйнөң менен сүйүп, берилүү менен эмгек кылсаң, албетте, ал үзүрүн берет. Кыйын учурлар болбой койбойт. Бирок ар бир күнүм адамдардын майрамдык маанайына кубаныч тартуулоо менен уланып жатканына Алла Таалама шүгүр кылам. Маңдай терим менен тапкан эмгегиме үйлүү, автоунаалуу болдум. Аз да болсо ата-эне, бир туугандарыма жардам бердим. Келинчегим медицина кызматкери болсо дагы өз кесибин 2-орунга коюп балдарды тарбиялап, менин кесибимди ар тараптан колдоп келет. Андыктан бул кесипти башка кесип менен алмаштырбайм.

Устат-шакирт

Буга чейин «үйрөтүңүзчү» дегендерге билгенимди айтып үйрөтүүгө аракеттендим. Алардын кээ бири көрүнүктүү кондитердик фабрикаларда эмгектенишүүдө. Учурда ыраазычылыктарын айтып чалып калышат. Ошондой эле Инстаграм аркылуу кайрылгандар көп. Убактым аз болгон соң баарын чогултуп 3-4 күнгө ылайыктап атайын мастер-класс өтүп турам. Ал эми окуу жайлардан, же окуу курстарын бүтүп келген улан-кыздарга 2 жумадан 1 айга чейин бекер практика өтүүгө шарт түзүп беребиз. Аларды биринчи иш күнүндө эле иштеп кете аларын же иштеп кете албасын билип коём. Себеби кондитер болуш үчүн шык керек. Аны менен бирге искусствого кызыккан кооздукту, өзгөчөлүктү таамай билген адам гана жакшы өздөштүрө алат.

Эртеңкини бүгүн башта

Учурда мен иштеп жаткан кондитердик фирма өтө чакан. Ишканада 4 адам эмгектенебиз. Жөнөкөй күндөрү 60-70 торт чыгарсак, майрамдарда 300гө жакын торт жасаган күндөр болот. Торттун 8 түрү жасалат. Курамы шоколад, быштак, каймак, карамель, йогурт, коютулган сүт ж.б, көптөгөн кошулмалар менен өзгөчө даам тартуулоого аракеттенебиз. Сырткы дизайны ар бир кардардын табитине жараша каалагандай түрдө жасалат. Дагы бир өзгөчөлүк, бир торттун салмагы 2 килограммдан аз болбойт. Баасы дагы кымбат эмес. Буюрса, алдыда көптөгөн жакшы пландарым бар. 18 жылда алган тажрыйбамдын негизинде өз алдынча кофетерий сыяктуу кондитердик ашкана ачып, ал жерден арзан баада, сапаттуу, даамдуу, өзгөчө таттуулардын түрлөрүн чыгарып, өтө ыңгайлуу атмосферанын кучагында кофе, чай ичүүгө шарт түзсөм деген ниетим бар.

Каныбек мырзанын колунан жаралган таттуу тортторго буйрутма берүүнү кааласаңыз, Инстаграмдагы torty_bishkek_kg баракчасына же 0705 198 401 телефон номерине чалып байланышсаңыз болот.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА