Саясат
Канат Исаев президенттик шайлоого аттануу үчүн арыз тапшырды
Элита плюс
Ноябрь 04, 2020 г.
Канат Исаев президенттик шайлоого аттануу үчүн арыз тапшырды
© Элита плюс

Канат Исаев өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого аттануу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдирди.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев , Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, Бакыт Бакетаев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын калтырган.