Саясат
Камила Талиева: "Президенттин командасында Сыймыктай, Камчыбектей уулдарыбыз турганда коррупция менен аёсуз күрөш токтобосун!"
Элита плюс
Январь 13, 2021 г.
Камила Талиева: "Президенттин командасында Сыймыктай, Камчыбектей уулдарыбыз турганда коррупция менен аёсуз күрөш токтобосун!"
© Элита плюс

Коррупция менен күрөшүүдө өтө оор ашууларды ашып өтүү иши турат. Мындай пикирди мурдагы вице-премьер-министр Камила Талиева социалдык баракчасына жазды. 

--"Тамыры кулач жайылып, чырмооктой тамырлап кеткен Коррупция менен күрөшүүдө өтө оор ашууларды ашып өтүү иши турат, астында....

Андыктан, Сыймык иниме кажыбас кайрат, артында калдайган калкы колдоп туралы. Эчен жылдык чириген жемкорлорду таап чыгып, мыйзам чегинде жазалоо ишинде не деген “ букет” душмандарды өзүнө ашырып алганы турган иш дечи... эл деп, акыйкат деп, башын канжыгага байкап коюп, мамлекет үчүн күйүп- бышып чыкканы тарых барактарында далилденип турат го , аны тарых барактарынан бурмалап, чийип сала албайбыз го...

Президенттин командасында Сыймыктай, Камчыбектей уулдарыбыз турганда коррупция менен аёсуз күрөш токтобосун!

Эл уулдарын колдоп туралы!!!", - дейт Талиева.