Коом
Камчыбек Ташиевге ыйлап кайрылуу жасаган окуучу кызга жардам берилди
Элита плюс
Декабрь 22, 2020 г.
Камчыбек Ташиевге ыйлап кайрылуу жасаган окуучу кызга жардам берилди
© Элита плюс

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыйлап видео кайрылуу жасаган 9 жаштагы окуучу кызга жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган окуяны Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алып, анын тапшырмасы менен УКМКнын кызматкерлери Кемин районуна барып, окуучу кызга жаңы жылдык белектерди жана азык-түлүктөрдү тапшырып келишкен.

Ошондой эле, кыздын кайрылуусунда айтылган маселе боюнча атайын түзүлгөн комиссия иш алып барып жаткандыгы, жыйынтыгы боюнча маалымат бериле тургандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, интернетке Кеминдеги №1 орто мектебинин окуучусунун УКМКнын төрагасына ыйлап кайрылуу жасаган видеосу жарыяланган. Анда ал апасын мектеп жетекчилиги шылдыңдап, анын айынан апасы эс-учун жоготуп кулагандыгы боюнча айткан. Ошондой эле окуучу кыз алардын үй-бүлөлүк шарты начардыгын, үйүндө азык-түлүк жок экендигин кошумчалаган.