Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен экинчи жолу сүйлөшүүсү: "Бардык атышуулар толугу менен токтоп, аскердик техникаларды жайларына алып кетүү чечилди"
Элита плюс
Май 01, 2021 г.
Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен экинчи жолу сүйлөшүүсү: "Бардык атышуулар толугу менен токтоп, аскердик техникаларды жайларына алып кетүү чечилди"
© Элита плюс

Бүгүн, 1-майда эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегация төрт пункттан турган протокол кабыл алышты. Кабыл алынган протоколдогу чечимдер аткарыла турганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев эки тараптуу жолугушуудан чыгып, журналисттерге комментарий берип жаткан учурда айтты. Айтымында, бардык атышуулар толугу менен токтоп, аскердик техникаларды жайларына алып кетүү чечилген.

"Биз бүгүн жолугуштук. Анда төрт пункттан турган протокол түзүлдү. Анда эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынды. Ооба, бүгүн биздин эл жана коңшу эл өтө оор учурду башынан өткөрүп жатат. Бизде трагедия болду, окуяны эки элдин таргедиясы деп айтсак болот.

Бул учурда бизге жолугуп, сүйлөшүу да кыйын болуп жатты. Бирок ага карабай, эки өлкөнүн башчыларынын бүтүмү менен биз жолугушуп, бардык атышууларды толугу менен токтотулуп, бардык аскердик техникаларды жайларына алып кетүү чечилди. Мындан ары коңшуларыбыздын аракеттери жана биздин аракеттерибиз менен өлкөлөрдө, айрыкча чек ара аймактарында тынчтык жана бейпилдик орнойт", - деди Ташиев.

Эске салсак, бүгүн, 1-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү болду.